Ч.Айтматовдун чыгармалары жана залкардын өмүрү жөнүндө көркөм тасмалар

                   1385366967_1338275336_aitmatov-2

Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясында жакында атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Кылым  карыткан бир күн” аттуу чыгармасы боюнча көркөм тасма көрсөтүлдү.

Бул көрсөтүүнү н алдында  окуучуларга мугалимдер Ч.Айтматовдун өмүрү жана  чыгармачылыгы  жөнүндө баяндап беришти. Жакында 12- декабрда бүт дүйнө  эли анын 85-жылдыгын белгилешти. Бул көркөм тасманы баарыбыз кызыгып көрдүк, анткени, ал жазуучунун эң атактуу чыгармасы боюнча тартылган. Фильмдин каарманы Эдигейдин турмушунда Ч.Айтматовдун башынан өткөргөн көп  окуялар  чагылдырылган дешти мугалимдерибиз.

Мага фильмдеги Эдигей  жакты. Ал дайыма чындыкты сүйлөгөн жана өмүр бою жан аянбай иштеген эмгекчил инсан экен. “Кылым карыткан бир күн”  фильми таланттуу режиссер Бакыт Карагулов тарабынан 1995-жылы тартылып, Германияда “Алтын камера” сыйлыгына ээ болгон.

Көрсөтүүнү уюштурган Ош облустук  киновидеобирикмесинин өкүлдөрү Ч.Айтматовдун 85-жылдыгына карата анын чыгармалары боюнча тартылган жана жазуучу жөнүндө тартылган тасмалардын бир айлыгы жүрүп жатканын билдиришити. Декабрь айынын ичинде бул көркөм жана даректүү тасмалар бардык мектептерде көрсөтүлүп жатат. Мага  жазуучунун башка чыгармалары боюнча тартылган “Ак кеме”, “Жамила”, “Биринчи мугалим”, “Жаныбарым, Гүлсары”, “Эрте келген турналар” сыяктуу көптөгөн фильмдер да жагат.

Маматалы уулу Азамат,

«Олимп» мектеп-гимназиясынын 9-β классынын  окуучусу

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>