Жаңы жыл майрамына пиротехниканы кантип тандоо керек?

iskusstvennie_elkiЖаны жыл майрамы салюттарсыз, фейерверктерсиз өтпөйт  эмеспи. Декабрь айынын башталышынан тартып эле базарларда пиротехниканын ар кагдай түрлөрү сатыла баштайт. Бирок, аны сатып алууда жана пайдаланууда коопсуздукту сактабай. жараат алгандар же өрт чыккан учурлар да аз эмес. Ошондуктан, адистердин кеңешин билип алганыбыз оң. Адистер салюттарды, фейерверктерди  сатууга атайын уруксаты бар фирмалардын точка түйүндөрүнөң сатып алууну сунуштайт. Аны алаардан мурун сырткы оролгон кагазынын бүтүндүгүн текшериш керек. Эгерде кагазы айрылып, же ушаланып калса демек анын сакталуу эрежелеринин бузулгандыгынан кабар берет.

Ошондой эле колго алып салмактап көрүү керек. Аны жасоочулар үнөмдөп калыш үчүн нормадагыдан азыраак толтуруп коюшу да мүмкүн. Ошон үчүн ооруурагы көбүрөөк  атыларын унутпагыла.

Адистер сатып алган пиротехниканын колдонуу эрежелер менен көңүл коюп таанышууну кеңеш беришет. Анткени жаңы жылдын келишине аз гана убакыт калганда шашкалактап пиротехникаларды туура эмес оронтуп же атып алам деп өзүңөргө жана жаныңардагы  адамдарга зыян келтирип албагыла. Фейерверктерди  үйдүн терезесинен, балкондон атуу да кооптуу. Мындай эксперименттер форточкадан же ачык терезеден имараттын ичине туш келип, өрт чыгышына алып келиши мүмкүн.

Эң  негизгиси жаңы жылдык майрамды жакшы маанайда тосуп, өз коопсуздугуңар жөнүндө кам көрүшүңөрдү каалаар элем!

Маматалы уулу Азамат,

«Олимп» мектеп-гимназиясынын 9-β классынын  окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>