Дүйнөнүн 7 кереметинин үчүнчүсү – Зевс статуясы.

                                                                                                   

Үчүнчү  керемет Олимпте  Пелопеннос  аралынын түндүк батышында жайгашкан, биздин  заманга  чейин 435 жылы курулган. 400 жылдан  ашуун  Зевс кудайына арналып  ойнолуп  келаткан  Олимпиадалык  оюндар  эл  арасында  ѳтѳ  популярдуу  болгон.  Бирок, Зевске арналып биздин  заманга  чейин 466-456 жылы гана  атайы храм  куруу  үчүн  каражат  жыйнала  баштаган.  Храмды бир  гана  мрамор  менен  курушкан. Ал 34 массивдүү, бийиктиги 10,5 м  болгон,  ал  эми  жоондугу 2,5м колонналар менен курчалган. Храмды  куруу  үчүн 10 жылдан  ашык  убакыт  кеткен.

Бирок храм  курулуп  бүтѳѳрү  менен  Статуя  пайда  болгон  эмес, аны  жасоо  үчүн  атайы афиналык  атактуу скульптор Фидия  чакырылган. Зевстин тулку  бою пилдин  сѳѳгү менен жасалып,  анын  жарым  денесин  жабып  турган  жапкыч  алтын  менен  кооздолгон.  Статуянын  ачылышына биздин  заманга  чейин 435 жылы бир  гана  гректердин  кѳрүнүктүү адамдары  келген. Легендага караганда  статуяны кѳргѳндѳр абдан  таң  калышкан. Биздин  заманга  чейин 40-жылдарда Рим  императору Калигула статуяны ѳз  мекенине  алып  кеткиси  келип,   аны алып  келүү  үчүн  ишчилер  жиберилет, легендада айтылгандай аны  түрткѳндѳ, статуя титиреп  кетет,  андан  корккон  ишчилер качып кетишет. Статуя  биздин  заманга чейин II кылымда  жер  титирѳѳдѳн  жаракат  алат. Андан  кийин скульптор Димофонто тарабынан оңдолуп-  түздѳлгѳн. Биздин  заманга   чейин 391-жылы Римдиктердин  христиан  динин  кабыл  алгандан  кийин грек  храмдарынын  баары  жабылган. Статуя  тууралуу акыркы  эскерүү биздин  заманга   чейин  363-жылы статуяны  Константинополго алып  келгендиги  тууралуу айтылат. Статуя биздин  заманга  чейин 425 жылы ѳрттѳн  кийин жок  болгон.

                                                                    Даярдаган Каныкей  Бактыбекова

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>