«Энелердин көз жашы»

Ош шаарында жаңы курулган эселиктердин дагы бири – 2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондордун, дайынсыз жоголгон атуулдардын элесине арналган «Энелердин кѳз жашы»  монументалдык  композициясы шаардык мэриянын оң капталына орнотулган. Анда кандуу окуянын кесепетинен кѳз жаштары тѳгүлгѳн эки улуттун энелери баштарын бири-бирине жѳлѳѳ менен экѳѳнүн кайгы-кубанычы, жүрѳгү, тѳккѳн  жашы да  бир экенин кѳрсѳтүп турат.

Эмгектин автору  Алтынбек Тѳрѳгелдиев. Айкелде элечек кийген жана жоолук салынган эки эне кучакташып ыйлап турушат. Ортодо тамчы жаш  таамп турган элес чагылдырылган. Алтынбек Тѳрѳгелдиевдин айтымына караганда  бул айкелге  иштетилген таш Ѳзгѳн районунун Жалпак-Таш айылынан алынып келинген. Айкелдин айланасы эс алуу багына айландырылып, отургучтар коюлган. Адистердин айтымына караганда  бул эстеликке 3 млн. сомго жакын каражат жумшалган.  Эстелик июнь окуясынын  бир жалдыгында КРнын  баштагы президенти Роза Отунбаеванын  катышуусунда ачылган.

                                                  Адилет Ильяз уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>