Артемиданын храмы

Дүйнѳнүн  7 кереметинин тѳртүнчүсү

Артемиданын  храмы Турция мамлекетинин  азыркы  Сельчук  шаарында жайгашкан. Храм  Артемида аттуу аялга  арналып  биздин  заманга  чейин 435-жылы жалаң    мрамордон курулган. Гректердин  легендасына  караганда  Артемида  баарына  кам  кѳргѳн   аял   болгон. Ал токойдогу  ѳсүмдүктѳрдѳн  адам  затына  чейин  кам  кѳргѳн.  Легендага  ишенчү  болсок  анда  Артемиданын  колунда  ѳсүмдүктѳр  менен гүлдѳр  бой алышкан. Артемида  улуу Апаллондун  эгизи  болгон. Тарыхта храмдын архитектору    Херсифрон  болгондугу айтылат. Храмды   Лидиянын   ханы  Крёз курган.

Храм   биздин  заманга  чейин VI кылымдын  биринчи  жарымында  курулуп башталып,  Херсифрондун  ѳлүмүнѳн  кийин VI кылымдын экинчи  жарымында анын  уулу Метаген курулушту  уланткан. А  бирок  Витвируйдун  жазылмалары  боюнча курулушту  V кылымдын  биринчи  жарымында Пеоний  жана  Деметрий аякташкан.

Храм абдан суктанарлык кооз  курулуп  бүткѳн  делет,  бирок  ал эмнелер  менен  кооздолгондугу  тууралуу  эч  кандай  мааламат  жок. Бирок  Артемиданын  статуясы  пилдин  сѳѳгүнѳн  жана  накта  алтындан  жасалгандыгы  айтылат.  Легендада   биздин  заманга  чейин 356-жылы  Улуу  Александр  туулган  түндѳ  атак – даңкка ээ  болгусу  келген  Герастот аттуу  киши  храмды  ѳрттѳп  жиберген.

 Биздин  заманга  чейин  III кылымдын  башталышында  Александр  Македонскийдин  каржылоосу  менен  храм  кайрадан  оңдолуп – түздѳлүп,  мурунку  кейпине  келген. Кайрадан  оңдоп  -түзѳѳдѳ  Александра Дейнократ аттуу архитектор  баш  болуп  турган.  Храмдын  узуну  105 метрди,  туурасы  52 метрди  түзгѳн. 27 колоннанын  узундугу  18 метр  болгон.

 Храмды  биздин  заманда     англис архиологу  Вуд  изилдеген.  Храмдын  жайгашкан жерин  издеп  табуу  үчүн  кѳптѳгѳн  айлар  керектелген. 1869-жылы 31-октябрда  Вуд храмдын  жайгашкан  жерин  тапкан. Бирок  храмдын   толук фундаментин  XX кылымда  гана  толук  казып,  анын  түбүндѳ  Герастот  ѳрттѳп  жиберген  храмдын калдыгы  да  табылган. Азыркы  учурда  калыбына  келтирилген  колонналар  гана  турат.

                                                                                                                                                              Каныкей Бактыбекова,                                                                                                                                        Барпы атындагы  №38  мектеп-гимназиясынын
10-классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>