Күүгүм (сумерки) тасмасы

Атагы алыска тараган «Күүгүм» тасмасы жарыкка чыгаары менен ѳтѳ белгилүүлүктүн туу чокусуна жетип, күн ѳтсѳ да эл оозунан түшпѳй кайрадан жаңы жыйынтыктар жана бѳлүмдѳрү менен бүт дүйнѳнү  кубандырып  келет. Ал тасманын кантип жаралганына кѳңүл бѳлѳлү.

АКШдагы белгилүү жазуучулардын бири  Стефани Майер бир күнү түш кѳрѳт. Вампирдин кызга болгон сүйүүсүн баяндаган бул  түш Майердин кѳз алдынан кетпей, 2005-жылы  жазуучунун колунан «Күүгүм» аттуу китеп жарык кѳрѳт. Аз убакыт ѳтпѳстѳн бул  китеп ийгиликке жетишип, 1жылдын ичинде Стефани миллионер болуп «Күүгүм» романы дүйнѳдѳ 20 тилге которулуп, жазуучуга киреше жана атак-даңк алып келет. Ал эми кино тартуу идеясы китепти жазып бүтѳ электе эле келип чыгат. 2008-жылы  кино да жарык кѳрѳт. 3 айдай башкы ролдогу каармандар изделип такталат. Булар; Кристен  Стюарт-Белланын ролун ал эми Эдварддын ролун Роберт Гаттинсон ийгиликтүү  аткарышат. Ал эми каарманды жаратуу үчүн Кристен жана Роберт күрѳң түстѳгү  линза тагынышат. Роберт чачын ѳстүрүп  жана гримдеп турган. Ал эми вампирдин тасмадагы ылдамдыгын бирде компьютердин жардамы менен,  бирде каскадёрлордун кѳмѳгү менен тартышкан. Кинону тартууга баштан-аяк 50 миллион доллар сарпталган, Ал эми  тартылган кинодон  473 миллион  947 миң  696 доллар киреше түшкѳн.

Кѳп ѳтпѳй кирешелүү тасманын экинчи бѳлүгү да Крис  Вайттын колунан жарык кѳрѳт. Бул Америкада, Ванкуверде жана Италиянын тарыхый шаары Монтеппульманодо тартылган. Бул бѳлүмдү тартуу үчүн 90 миллион доллар сарпталат, ал эми кирешеси 72.7 миллион доллар болгон. Башкы каармандардан Сем, Полжана Эмбри чыныгы жашоодо да индейлер. . «Күүгүм» тасмасын тартып баштаганда  Роберт узун чачын кырктырып койгондуктан тасманы тартуу кечиктирилип калат. Ал  эми фильмде кѳп кездешкен карышкырга айланган эпизоддорун жасоо үчүн атайын карышкырдын моделин жасап, аны кыймылга келтирүүчү аниматорлор болгон. Андан соң кызыктуу тасманын 3-бѳлүмү «Күүгүм -тутулган ай.» 2010-жылдын июнь айында жарыкка чыкты. Режиссеру Девид Слейд болду. Ал эми 4-сериясы «Күүгүм – агарган таң» 2011-жылы ноябрь айында кѳрсѳтүлѳ баштады.

                                                           Даярдаган Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>