Ырчылардын бала чагынан.

Замир Арыкбаев. Белгилүү ырчылардын бири Замир Арыкбаев кичинесинен эле тентектигин жашырбайт. Үй бүлѳдѳ 3 эркек, 2 кыздын ортончусу Замир 6 жашынан тартып классында атаман болуп, татынакай кыздарга тийишип, кѳп уруш угуп, таяк жеген. Алардын ата-энеси келип урушуп кетчү. Аз убакыт ѳткѳндѳн  кийин мурдакы кѳрүнүш кайра кайталанчу. 2-классында 11-класстагы кызга тийишип таяк жеп, жеңеси куткарып калганын жылмаю менен эстейт. Ал эми алгач сүйүүсү 9-классында болгон. Аны 11-класска чейин жакшы кѳрүп,  жоопсуз сүйүүдѳн  улам ал кызга жеткен эмес.

Ынак Осмоналиев. Уурулук кылып колго түшүп  калганы эсинен кетпеген Ынак Осмоналиев кичинекей кезинде апасы иштеген дүкѳндѳн бир баштык акчаны алып колго түшүп  калган. Ынак алган баштыктын сыртында колго жукса кетпеген краска сүртүп койбогондо ал кармалбайт болчу. Колуна жуккан краскадан улам байкап калган апасы «экинчи уурулук кылсаң колунду кесип салам» деп  сабаган. Ушинтип үйүндѳ уятка калган Ынак кѳп ѳткѳн  соң  башка айылга олимпиадага барып, ал жерден  ѳзүнѳ жаккан корозун кѳрүп калып,  алып алат. Аны билип калган мугалимдеринен тил уккан.

Нурлан Насип. Шоу-бизнес тармагында аттын кашкасындай таанымал, кѳп кыздардын жүрѳгүнѳн түнѳк тапкан Нурлан Насип кичинесинен дин жаатында жүрүп, намаз окуп, орозо туткан. 5 бир туугандын тѳртүнчүсү. 1-сентябрь күнү эжекесине  гүл берем деп кошунасыныкына уурулукка кирген Нурлан 5-класска чейин жалаң 5ке окуган.  «Андан кийин динге берилип кеттим»,-деп түшүндүрѳт. Ал эми алгач сүйүүсү 8-класста ѳзүнѳн бир жаш кичүү кыз болгон. Ага жакшы кѳрүнѳйүн  деп күндѳ ар түрдүү кѳйнѳк кийип барса да тоготпой койгондугун айтат.

Нурдѳѳлѳт Копоев. Кай  жерден болсо да момпосуй издеп тапкан Нурдѳѳлѳт Копоев(актер жана алпаруучу) кичинесинде ширинди ѳтѳ жакшы кѳрчү экен. Канттардын баарын жеп, жок болсо шекерди кайнатып кант кылып жечү экен. Апасы момпосуйду сандыкка салып койсо, сандыкты жылдырып, артын тешип, момпосуй катылган каропканы теше албай арманда калган. Бирок сандыкты кѳргѳн апасы аны абдан урушкан жана момпосуй эмес таяк жеген.

Сьездбек Искеналиев. Ырчы, актер Сьездбек Искеналиев бала чагында эле жасанып,  чачын дайыма шилекейлеп жүрчү экен. Ырга шыктуу келип,  ырдап, бийлеп жезделеринен акча алып турчу  экен.

                                                                                                                             Даярдаган Сайкал Нурбек кызы

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>