Лимонду ачкарын суу менен ичүү керек
Төмөндө адистер лимонду суу менен ичүүнүн пайдалуулугунун себептерин айтышат: биринчиден лимон иммундук системаны бекемдейт. Лимон С витаминине жана калийге бай. Ал мээнин жана нерв системаларынын жакшы иштешине өбөлгө түзөт жана кан басымын жакшыртат. Андан сырткары лимон чарчоодон сактайт жана ишке болгон жөндөмүңүздү көбөйтөт.
Лимон ширеси организмдеги алмашууну жөнгө салат жана тамак аштагы пайдалуу заттардын организмге сиңишине көмөк берет жана уулуу заттарды айдап чыгат. Натыйжада адамдын организми тазаланат. Лимондун ширесиндеги пектин адамдын ачка болуусун сездирбейт. Демек арыктоодо да жардамы тиет. Сиз териңиздин кантип тазаланып, тактар, бырыштар кете баштаганын байкабай каласыз. Себеби С витамини кандагы уулуу заттарды айдап чыгат.
Сайкал Нурбек кызы
.
.
Комментарии