Жоголосуң эне тилди жоготсоң

Өмүр жалган, жалган залкар дүнүйөң,

Кылым жанган, жалган жашооң түбүнөн,

Жалган -эгер мүдүрүлсө кызыл тил,

Кан -жан менен бүткөн  эне тилинен.

 

 

Жапыз болуп калаар анда намысың,

Ойлобосоң өз тилиңдин бактысын,

Жоготосуң эне тилди жоготсоң,

Эртеңиңди,келечектин ачкычын.

 

 

Карек көрбөй  жыргалды да,  бакытты,

Калаар жүрөк  сезбей чынды, ачыкты,

Унуткарып койсоң эне тилинди,

Сыйлабасаң улуу  көөнө  тарыхты.

 

 

Кээси айтат,  уялам дейт сүйлөштөн,

Каткырат да, карт тарыхын билбестен,

Заманбап деп орусчалап ашкере,

Маңкурт болуп, баратканын сезбестен.

 

 

Неге уялбайт ата тегин билбестен,

Кашайып ай орусчалап сүйлөштөн,

Эне тилди унутканы кем белем,

Неге уялбайт Манас, Барсбек ким дештен.

 

 

Төрөкулдар кеткен эл деп, эл үчүн,

Эркиндик деп, бейпилдик деп  атылып,

Эгемендүү  эл болсок  деп тарыхта,

Кыргыз   калкы  кылымдарда жазылып.

 

Адилет Ильяз уулу,

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>