Чучук кантип жасалат?

чучук

Кыргыздын  сый тамактарынын бири чучук. Бирок чучук жасаганды  кыздар эмес  байбичелердин көбү билишпейт. Бүгүн биз чучук кантип жасалааарын айтып берели.

1.Пияз менен сарымсакты майдалап туурайсыз.

2. Казыны ичке, узун болуп тууралган этти туздап, ага сарымсак менен пиязды кошуп, бир нече убакыт тыныктырып коесуз. Мындай калыбында бир күн кечке турса эң сонун маринаддалган болот.

3. Жумшарып калган эт менен казыга калемпир, мурч, зире кошосуз.

4.Жылкынын ичегисин оодарып таза жууйсуз. Акырында бир сыйра туздуу суу менен жууп жиберсеңиз болот.

5. Жуулган ичегиге аралашманы ныгыра саласыз. Толгон соң чучуктун эки учун жип менен бекем бууп байлап коесуз.

6. Чучукту сүрсүтүп, андан кийин бышырып жесеңиз даамына чыгат. Ал үчүн анны салкын жерге илип коюу же ундун арасына салып коюу керек.

7. Чучукту шорпого же үнчө сууга салып 3-4 саат кайнатасыз. Жарылып кетпеш үчүн кайнап жатканда 2-3 жеринен ийне менен тешип коюу керек.

Чучукка иштетилүучү азыктар:

300 гр. Жылкынын казысы, 200 гр. эти, 30-40 см. ичегиси, 1 баш пияз. 3-4 тишче сарымсак, туз, калемпир, мурч, зире  татымына жараша пайдаланылат.

                                                                         Сайкал Нурбек кызы,

                                                                     Ош шаарындагы Керме-Тоо гимназия мектебинин  9-б классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>