№7 Н.Нариманов атындагы гимназия мектебинин 6-классынын окуучусу Зубанова Алина
ДалееCategory Мектептин жашоосу
Ош шаарындагы бардык мектептерде залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата конференциялар, көргөзмөлөр, сынактар, класстык сааттар, салтанаттуу линейкалар өткөрүлүп, талкуулар жүргүзүлүп, фильмдер көрсөтүлдү.
Шаардагы №7 Н.Нариманов атындагы гимназия мектебинде да класстык сааттарда окуучулар жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушуп, анын чыгармалары боюнча спектаклдер коюлуп, чыгармалар, Чынгыз Айтматов жөнүндөгү ырлар окулду.
ДалееОш облусунун Кара-Суу шаарында 7 декабрда мектеп окуучуларынын волейбол боюнча турнири өттү. Кара-Суу Шаардык мэриясынын маалыматына караганда, турнирге 19 мектеп командалары катышышып, алар төрткө бөлүнүп беттешишти.
Алгачкы оюндун жыйынтыгында жарым финалга «Жоош-1», «Кызыл-Суу», «Жоош-2» и «Мады»командалары чыгышты. Финалдык беттешүүдө «Жоош-1» командасы «Кызыл-Сууну” жеңип, адтын медалга ээ болду. Ал эми күмүш медалды «Жоош-2».командасы утуп алды...
ДалееФото баян
2013-жылдын 10-декабры күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын “Куткаруу кызматынын” куткаруучулары Ош шаарынын Джим көчөсүндө жайгашкан №79 – “Чолпон” орто мектебинде Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мектепке чейинки мекемелерде окуп жаткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Агахан фонду өткөргөн балдарды өзгөчө кырдаалга даярдоо боюнча облустук семинарга катышышты. Семинарда КРнын ӨКМнин куткаруучулары жаш өспүрүмдөрдү мекенчил, патриот болууга үндөшүп, кырсыктардын алдын алууда жана кырсык учурунда, ошондой эле кырсыктардын кесепеттерин жоюуда өзүн алып жүрүү жана куткаруу аракеттерин үйрөтүштү...
ДалееАтактуу сүрөткер, кыргыз эл баатыры, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата өлкөбүздө жарыяланган 1 айлыктын негизинде Ордолуу Ош шаарыбыздын орто билим беүү жайларында бир топ маданий-массалык интеллектуалдык иш чаралар өткөрүлдү. Алардын бири “Айтматов ордосу” деп аталган интеллектуалдык акыл ордо таймашы боду.Таймаш негизинен Айтматовдун чыгармалары аркылуу окуучуларды табиятты сүйүүгө, жаратылышты коргоого чакыруу максатын көздөйт.Таймашка шаарыбыздагы №31 Курманжан датка мектебинин “Ак илбирс”тобу жана №48 мектептин “Ак кеме”тобу катышты.Таймаш №14 Алтыбаев мектебинде өткөрүлдү...
ДалееДостукту чыңдаган КВН
10-декабрь күнү Керме-Тоо гимназия мектебинде КВН болуп өттү. Шаардагы ар бир мектептен келишкен атайын тапкыч жана шайыр командалар өздөрүнүн таланттарын (бий, ыр, тамашаларын) көрсөтүштү. Атайын түзүлгөн калыстар тобу жыйынтык чыгарышып, 1-орунду .”Биримдик” командасына жана көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына ыйгарышты. 2-орунду Керме-Тоо гимназия мектебинин “Смайл” командасы, 3- орунду “Ынтымак” командасы менен №14-Каныбек Алтыбаев атындагы мектебинин командасы ээледи. Жеңүүчүлөр баалуу белектер, атайын грамоталар менен сыйланышты. Ал эми эң жакшы катышуучу деген наамга көзү азиздер мектеп –интернатынан келген 9-классынын окуучусу Оморов Актилек ээ болду...
ДалееОш шаарындагы №50 мектеп-гимназиясынын кенже класстар боюнча завучу Бактыгүл Жусубалиеванын билдиргенине караганда аталган мектепте 1-4 –класстардан 507 окуучу мамлекет тарабынан атайын окуучулар үчүн берилген бекер тамак менен тамактанышат. Шаардагы мектептердин окуучулары үчүн атайын бирдей график түзүлгөн. 17 класстык комплект болсо ар бир окуучуга тамактаныш үчүн 10 минут убакыт берилет. Мисалы дүйшөмбүдө ар бир окуучуга 150 грамм сүт, 1ден булочка берилсе, шейшембиде 200 грамм компот, печенье, кийинки күнү пряник, коржк берилет. Бирок кечке эле пряник, булочка, печенье берсең балдар бул тамакты жегилери келбей калган учурлар болот. Айрым балдар сүттү жаман көрүшөт...
Далее
Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу балдар мектебинин жамааты мектептин ачылгандыгынын бир жылдыгын салтанат менен белгилешти. Бир жылдыкка арналган жыйында ушул мезгил ичиндеги аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, слайд-шоу көрсөтүлдү. Мааракеге келген меймандарга мектеп жамааты ыр, бий тартуулап, мектеп шаңга бөлөндү. Жыйында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын методикалык жетекчиси Гүлмира Осекова, «Олимп» гимназия мектебинин директору Александр Алексеевич Язов жана башкалар куттукташып, мектеп жамаатынын ишине ийгиликтерди каалашты.
ДалееОш шаарындагы Киров атындагы мектебинин окуучулары ар жума сайын өз мектебинин тазалыгына камкордук көрүшөт. «Өзүбүз билим алган мектептин айланасын таза тутушубуз керек» дешет аталган мектептин окуучулары
Бекназар Исабек уулу
ДалееОш шаарындагы №50 мектеп-гимназиясынын кенже класстар боюнча завучу Бактыгүл Жусубалиеванын билдиргенине караганда аталган мектепте 1-4 –класстардан 507 окуучу мамлекет тарабынан атайын окуучулар үчүн берилген бекер тамак менен тамактанышат. Шаардагы мектептердин окуучулары үчүн атайын бирдей график түзүлгөн. 17 класстык комплект болсо ар бир окуучуга тамактаныш үчүн 10 минут убакыт берилет. Мисалы дүйшөмбүдө ар бир окуучуга 150 грамм сүт, 1ден булочка берилсе, шейшембиде 200 грамм компот, печенье, кийинки күнү пряник, коржк берилет. Бирок кечке эле пряник, булочка, печенье берсең балдар бул тамакты жегилери келбей калган учурлар болот. Айрым балдар сүттү жаман көрүшөт...
ДалееМаектешим Аманила кызы Зубайда «Себат» кыздар лицейинин 11-А классында окуйт.
-Зубайда 2012-2013-жылы республикалык олимпиадага катышып байгелүү кайтыпсың, кубандыңбы?
-Албетте, кубандым да! Өзүм Чоң-Алай районунда туулуп өскөм. Бул жерде мен 7-класстан бери окуп келатам, былтыркы окуу жылында республикалык олимпиадага кыргыз тили жана адабиятынан катышып, 2-орунга жетиштим.
-Кандай окуйсуң?
-Жакшы окуйм.
-Лицейде окуш сага эмне себептен жагат?...
ДалееКөптү үйрөткөн семинар
12-13-14-ноябръ күндөрү Керме-Тоо орто мектебинин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Мамырова Айнура, соц. педагог Мамразак кызы Жылдыз, жаш өспүрүмдөрдүн ишин жетектөөчү Бакирова Каникей жана парламенттин активдүү 4 окуучусу “Сорос -Кыргызстан” фонду тарабынан уюштурулган семинарга катышып келишти. Белгилеп кетүүчү жагдай, “Сорос-Кыргызстан” фонду мектеп үчүн техникалык каражаттарды берген. Ал эми семинардын негизги багыты –телевидиниеде техникалык жабдыктарды кантип колдонууну, ийрим, басма сөз, тренингдерди,тегерек стол өткөрүү боюнча түшүнүк берүү болду. Окуучулар, эжекелер көптөгөн кызыктуу маалыматтарды билип келишип, окуучуларга үйрөтүшүүдө...
ДалееОкуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы орто билим берүү жайларында жаңы «Старттык эксперимент» усулу менен окутуу жайылтылууда.Бул жаңы ыкманын өзгөчөлүктөрү жөнүндө кененирээк маалымат алуу максатында №31 Курманжан Датка орто мектебинин биология мугалими, «Эл агарттуунун мыктысы» Аттокур кызы Бактыгүл эжейди сөзгө тарттык.
– Эжей, ушул «Старттык эксперимент» ыкмасы жөнүндө кененирээк айтып кетсеңиз?
-Бул ыкма Германияда иштелип чыккан SEA усулу деп аталат. Азыркы учурда өлкөбүздүн баардык аймактарында бул ыкманы жайылтуу иштери жүрүп жатат. Бул ыкма иштелип чыкканда ар аймактан тандалган мугалимдер үчүн атайын окутуу курстары ачылган. Азыркы учурда өлкөнүн бардык облус, шаарларында бул ыкма окутулуп, жакшы жыйынтык көрсөтүүдө.
Далее
- Сыйлыкка келген китептер
Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» атындагы талантуу балдар мектебинде 12-ноябрь күнү электр энергиясын үнөмдөөчү курулуштар боюнча эл аралык конференция болуп өттү...
Далее28-октябрда Ош шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы окуу тарбиялоо мектеп- комплекс- гимназиясында Хэллоуин майрамы болуп өттү. Бул майрам негизинен Америкада майрамдалат. Бул күнү адамдар жез кемпирдин же каракчынын же болбосо кандайдыр бир каардуу каармандын кийимин кийип алып бири-бирин коркутушат. Алар баалуу буюмдарды сурашат ошол кезде ар бир адам жанынан бир несе чыгарып бериш керек. Ашкабактын да ичин тазалап алып ага көз мурун ооз жасап ичине шамды күйгүзүп коюшат. Майрамдын жөрөлгөсү мына ушундай. Ю.А.Гагарин мектебинин 11- “а”11-“б” класстарынын жана башка класстардын окуучулары да мына ушундай көрүнүштөрдү көрсөтүштү.
ДалееЗалкарбек кызы Нуриза №50 П.Ж.Нышанов атындагы гимназия мектебинин 3-Д классынын мыкты окуучуларынын бири
Далее
Ош шаарындагы №52 П.Нышанов атындагы мектепте балдардын ден соолугун чыңдоо жакшы жолго коюлган. Мектептин физкультура сабагынын мугалими Искендер Эшбаевдин билдиргенине караганда аталган мектеп окуучулары акыркы 3 жыл ичинде шаарда өткөн спорттук мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеп келишүүдө. Жаңы окуу жылында да спорттук оюндарга өзгөчө көңүл бурулууда...
Далее
Жакында Ош шаарындагы №17 гимназия мектеп комплексинде «Манас» программасынын алкагында шаардагы кыргыз тилдүү мектептердин окуучулары арасында сынак болуп өттү. Сынакта окуучулар кылымдарды карытып, улуттук руханий баалуулуктардын бири болуп келген «Манас» эпосунан үзүндү айтышып, өздөрүнүн шык, таланттарын көрсөтүштү. Сынакка 20 мектептен 25 окуучу катышты. Сынак үч турдан туруп, биринчи турда «Манас» эпосунан, экинчи турда «Семетей» эпосунан үзүндү айтышса, үчүнчү турда кайсы билет түшсө ошол билет боюнча үзүндүлөрдү айтышып, сынакта өз күчтөрүн сынашты.
Ош шаарында 26-27 октябрда мектеп окуучуларынын арасында америкалык FLEX программасы боюнча тандоо сынагынын 2 туру өткөрүлдү. Биринчи күнкү тандоо сынагына шаардагы мектептердин миңге жакын окуучулары катышышты. Мен дагы классташтарымдын дээрлик көпчүлүгү менен бул сынакка катыштык.
ДалееОш шаарындагы Ак-Тилек кичи районундагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» аттуу таланттуу балдар мектебинде жакында «Тамашоу» сынагы болуп өттү.
Далее

















































Комментарии