Ош облусунун Кара-Суу шаарында 7 декабрда мектеп окуучуларынын волейбол боюнча турнири өттү. Кара-Суу Шаардык мэриясынын маалыматына караганда, турнирге 19 мектеп командалары катышышып, алар төрткө бөлүнүп беттешишти.
Алгачкы оюндун жыйынтыгында жарым финалга «Жоош-1», «Кызыл-Суу», «Жоош-2» и «Мады»командалары чыгышты. Финалдык беттешүүдө «Жоош-1» командасы «Кызыл-Сууну” жеңип, адтын медалга ээ болду. Ал эми күмүш медалды «Жоош-2».командасы утуп алды.
Азамат Маматали уулу,
«Олимп» гимназия мектебинин 9-Б классынын окуучусу
Комментарии