С.Нурбек кызы tagged posts

Мектебим таза-көңүлүм таза

Ош шаарындагы № 20 И.Раззаков атындагы гимназия мектебинде ар жума сайын окуучулар ишембилик өткөрүп, мектептин айланасын шыпырып, тазалап турушат. Бул күнү 2-Б классынын окуучулары өздөрү окуган мектептин алдын шыпырып, тазалап жүрүштү.

Далее

“Мектеп рэкети” тууралуу окуучунун ою кандай?

Далее

Мектепке көзөмөл кылган адамдын пикири

Далее

“Мектеп рэкети” тууралуу ким эмне айта алат?

Далее

Мектеп рэкети тууралуу ким эмне айтат

Мектеп рэкети  тууралуу көп айтылат. Бирок бир дагы мектеп жамааты, мектеп окуучулары «биздин мектепте  рэкетчилик бар» дегенин уга элекмин. «Ооруну жашырсаң  өлүм ашкере кылат» ,-демекчи,  республикабыздын булуң-бурчунан  өспүрүмдөр арасындагы  чыга калган  уруш-талаш,  мушташтан улам айрым балдардын  өмүрү кыйылганы, оор жаракат алганы  рэкетчиликтин дагы да бар экенин айгинелеп келүүдө. Бир мектептен рэкетчилик тууралуу  сурамжылообузду сиздерге сунуштамакчыбыз...

Далее

Оштун жаштары менен Алматы шаарынын жаштары кызматташат

молодеж Казахстана

молодеж Казахстана 2

Ош шаарынын күнүнө карата  шаарга  Казах  Республикасынын жаштарынан турган делегация келди. Ошол эле күнү Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети менен  Алмата шаарынын жаштар комитетинин ортосунда кызматташуу боюнча  меморандумга кол коюлду.

Казахстандан келген делегацияны Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов кабыл алып, булл жолугушуу Кыргызстан менен Казахстандын жаштарынын ортосундагы  кызматташууга көпүрө болуп кала турганын билдирди.   «Мындан ары биз Алматынын жаштары менен тыгыз байланышта болобуз, скайп аркылуу семинарларды өткөрүп турабыз...

Далее

Каракол-Ош шаарлары достошту

   

Ош-Каракол  5-октябрь  күнү Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов менен Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Каракол шаарынын мэри   Рыскул Калыгулов  Ош шаарынын тургундарын майрамы менен куттуктап, шаарда абдан жакшы иштер болуп жатканын белгиледи.

                                                                                               Сайкал Нурбек кызы

Далее

Ырчылардын бала чагынан.

Замир Арыкбаев. Белгилүү ырчылардын бири Замир Арыкбаев кичинесинен эле тентектигин жашырбайт. Үй бүлѳдѳ 3 эркек, 2 кыздын ортончусу Замир 6 жашынан тартып классында атаман болуп, татынакай кыздарга тийишип, кѳп уруш угуп, таяк жеген. Алардын ата-энеси келип урушуп кетчү. Аз убакыт ѳткѳндѳн  кийин мурдакы кѳрүнүш кайра кайталанчу. 2-классында 11-класстагы кызга тийишип таяк жеп, жеңеси куткарып калганын жылмаю менен эстейт. Ал эми алгач сүйүүсү 9-классында болгон. Аны 11-класска чейин жакшы кѳрүп,  жоопсуз сүйүүдѳн  улам ал кызга жеткен эмес.

Далее

Күүгүм (сумерки) тасмасы

Атагы алыска тараган «Күүгүм» тасмасы жарыкка чыгаары менен ѳтѳ белгилүүлүктүн туу чокусуна жетип, күн ѳтсѳ да эл оозунан түшпѳй кайрадан жаңы жыйынтыктар жана бѳлүмдѳрү менен бүт дүйнѳнү  кубандырып  келет. Ал тасманын кантип жаралганына кѳңүл бѳлѳлү.

Далее

Апендинин жоруктарынан

Түн ичи кызыктай түш кѳргѳн апенди таң атаар замат байдын үйүнѳ келет .Таң калган бай:  Сага эмне болду апенди.-десе, .Апенди минтип сѳзүн баштаптыр:-ээх байым, карызга акча берип, кайра кайтарып ала албай жатам. -Кимге бердин эле? -Сизге да байым,-дейт Апенди. –Кандайча? деп  бай чочуп кетет. –Түнү түшүмдѳ экѳѳбүз үйлѳрүбүздү алмаштырып, мен үстүнѳ 100 алтын дилде кошуп берипмин.Чочуп ойгонсом үйүмдѳ эле жатыптырмын, бирок сизге берген 100 дилдемден дайын жок .Ошолорду кайтарып берүүңүздү ѳтүнѳм,-дептир,-Апенди...

Далее

Биз билебизби?

Кирпи

Билесиңерби достор,   кирпинин салмагы 800 грамм гана чыгып. куйругунун узундугу 3 сантиметрге гана жетет . Ал эми анын тиштеринин саны 36 болот экен. Түстѳрдү адам сыяктуу ажырата алганга жѳндѳмдүү келишип,  туулгандан бир нече саат ѳткѳн соң ийнелери чыга баштайт .Ийнесинин узундугу 3 сантиметрге жетет .Бир эле кирпинин 3 миңден 6 миңге  чейин ийнеси болот.

                                                                                                                                       ...

Далее

«Мектеп периси-2013»

Ош шаарында  «Мектеп периси -2013» сынагы  май айынын башында ѳткѳрүлмѳкчү.  Сынак Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети  тарабынан  даярдалууда.  Аталган комитеттин кызматкери Медербек Абдыманаповдун билдирүүсүнѳ караганда  азыркы мезгилде бул сынакка  Ош шаарындагы 10 мектептин  чүрѳктѳй сулуу, таланттуу, акылдуу жана билимдүү  кыздары ат салышууга даярданышууда. Сынактын катышуучулары   4 шарт  менен мелдешишет.  Калыстар тобу  кыздардын саламдашуусуна, кечки стилине, акыл карачач –бѳлүмүндѳ суроолорго тапкычтык менен жооп берүүсүнѳ, талантына жана  ашканадагы чеберчилигине кѳңүл бурушмакчы. (Бул жерде кыздардын 1 минута ичинде  картошка аарчышына  кѳңүл бурулат)...

Далее

Акылсыз хан

(жомок)
Мурунку өткөн заманда малы көп, акылы аз бир хан жашады. Хан бир күнү ойлонуп отуруп, уулун чакырып: — Балам, палан жерде, бакыр деген элде акылман кемпир бар экен. Ошону эч кимге билдирбей ээрчитип кел, андан акыл сурайлы,- деди. Уулу макул болду да, атасынын сөзүн айтып, кемпирди чакырууга бөлөк бир жигитти жумшады.  Кемпир жолдо келе жатып, хандын уулуна жолугуп калды. Хандын уулу ага карап: Акылман кемпир, ханга барып кайтканында, сөзүңдү эшитербиз,— деп жигиттерин ээрчитип жүрүп кетти. Кемпир хандын алдына барды.

Далее

Мектепке бирдей форма кийүүгѳ кѳз карашаңыз?…

 Биринчи бул макаланы жазуудан мурун 12 окуучуга «мектепте бирдей форма кийүүгѳ кандай карайсыз» деген суроо узаттым .Суроомдун жообуна жалаң гана  «жакшы болот эле», «каршы эмесмин» деген гана сѳздѳрдү уга алдым. Бирок окуучулардын дээрлик бардыгы мектепте жоолук оронууну колдобой турганын айтышты. Мейли, алар каалашса кѳчѳдѳ, үйлѳрүндѳ  оронуп жүрѳ беришсин, бирок мектепке оронуп келишкенине каршыбыз деген пикирлерин билдиришти.

Далее

Кимдин ѳнѳрү артык? (жомок)

Өткөн заманда бир бечара кемпирдин жети уулу болгон экен. Жети баласынын ар биринин өзүнчө өнѳрү бар. Күндөрдүн биринде энеси кимисинин ѳнөрү күчтүү экенин сурап калды. Балдарынын ар бири өз өнөрүн кезек менен айта баштады. Эң улуу баласы: -Мен алпкаракуш асманда торгойдой болуп, көзгѳ араң көрүнсө да атып түшүрөм,- деди. -Мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем,- деди экинчиси.Үчүнчү баласы: -Мен эки дүйнөдѳ эмне болуп жатканын өз алаканыман карап көрѳ алам,- деди.

Далее

Сүрѳтчү пил

Жаратылыш ар түрдүү жаныбарларга бай эмеспи. Андыктан алардын ичинде кичинеси-чоңу, акылдуусу-акылсызы, жырткычы-сүйкүмдүүсү жана башка түрлѳрү бар. Кээ бир жаныбарлардын адам баласына тийгизген таасири зор.

 Урматуу окурман, бул сѳздүн учугун улай  бир ѳзгѳчѳ Пая аттуу пил жѳнүндѳ айта кетейин. Ал жаныбар Таиланддын Эдинбурк шаарында  жашайт. Паянын ѳзгѳчѳлүгү- ал сүрѳт тартат.Туристтердин кѳз алдында ѳз портретин жана ар түрдүү  дарактарды, гүлдѳрдү тумшугу менен тарта алат. Бул үчүн туристтер 15 доллар тѳлѳшѳт. Анын тарткан сүрѳтү  АКШда ѳткѳн кайрымдуулук  аукционунда миллион долларга  сатылган...

Далее

Ѳспүрүм кыздарды эмне тынчсыздандырат?

 Кыз бала эч нерсеге тендешкис гүл дешет акындарыбыз.  Аларды айга, күнгѳ, гүлгѳ теңешет. Андыктан алардын мээримин, назиктигин, камкордугун, сулуулугун каалагандай мактасак да, ыр менен тѳгүп, укмуш кооз сѳздѳрдү арнасак да жарашат. Бирок болочоктогу эне, сүйүктүү жар боло турган айрым кыздарыбыздын кейиштүү кылык-жоруктарынан уялган учурларың да болот. Арийне беш кол тең эмес, арасында сѳз менен сүрѳттѳп айтып бералгыс сулуусу, акылдуусу, зиреги, сѳз жеткис жакшысы да бар, ошого улай эле ата-энесин укпай, улууларды сыйлабай, бешиктен бели чыга электе  арак ичип, ооздорунан жаман сѳз чыгып, жада калса баңги заттарды  колдонгондор  да жок эмес. Бүгүнкү күндѳгү жаш кыздардын кызыккан нерселери мода, жигиттер, достор, интернет, ар кандай вечеринкалар (отуруштар) болуп жатканы маалым.

Далее

Алымбек Датка эс алуу жайы

 Оштун так ортосунда, Сулайман тоосунун түбүнѳн орун алган Алымбек Датка этнографиялык борбору бүгүнкү күнү калаабыздын жүзү. Бул жердеги заманбап типтеги музыкалык  түстүү оргума, эс алуучулар үчүн түзүлгѳн ыңгайлуу шарттар, түнкү жаркыраган чырактар кѳңүл кѳтѳрѳт. Калаадагы жогорку деңгээлдеги майрамдар, үйлѳнүү кечелери сыяктуу иш чаралардын кѳбү  ушул жерде ѳтѳт.  Бир кездеги чалды-куйду, бытыраган  жай азыр шаар бийлиги тарабынан ирээтке келтирилип, түстүү  оргума курулуп, кыдырата отургучтар коюлуп,  жаштардын сүйүктүү эс алуу жайына айландырылган...

Далее