Сүрѳтчү пил

Жаратылыш ар түрдүү жаныбарларга бай эмеспи. Андыктан алардын ичинде кичинеси-чоңу, акылдуусу-акылсызы, жырткычы-сүйкүмдүүсү жана башка түрлѳрү бар. Кээ бир жаныбарлардын адам баласына тийгизген таасири зор.

 Урматуу окурман, бул сѳздүн учугун улай  бир ѳзгѳчѳ Пая аттуу пил жѳнүндѳ айта кетейин. Ал жаныбар Таиланддын Эдинбурк шаарында  жашайт. Паянын ѳзгѳчѳлүгү- ал сүрѳт тартат.Туристтердин кѳз алдында ѳз портретин жана ар түрдүү  дарактарды, гүлдѳрдү тумшугу менен тарта алат. Бул үчүн туристтер 15 доллар тѳлѳшѳт. Анын тарткан сүрѳтү  АКШда ѳткѳн кайрымдуулук  аукционунда миллион долларга  сатылган. Айбан болуп туруп  кайрымдуулук иштерине  жардам берип  жатканы бардык жанды кубандырат. Адам болуп туруп мындай иштерди кээде кыла  албай калганыбыз жан  кейитет.

                                                                                                         Сайкал НУРБЕК кызы,
№ 42 Керме Тоо   мектебинин 8- “б” классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>