Мектепке бирдей форма кийүүгѳ кѳз карашаңыз?…

 Биринчи бул макаланы жазуудан мурун 12 окуучуга «мектепте бирдей форма кийүүгѳ кандай карайсыз» деген суроо узаттым .Суроомдун жообуна жалаң гана  «жакшы болот эле», «каршы эмесмин» деген гана сѳздѳрдү уга алдым. Бирок окуучулардын дээрлик бардыгы мектепте жоолук оронууну колдобой турганын айтышты. Мейли, алар каалашса кѳчѳдѳ, үйлѳрүндѳ  оронуп жүрѳ беришсин, бирок мектепке оронуп келишкенине каршыбыз деген пикирлерин билдиришти.

 Булардын баары жѳнѳкѳй гана окуучулар. Анан мугалимдерге да ушул эле суроону узатып кѳрдүм. Мугалимдердин баары окуучулардын бирдей кийинишин каалашат экен. Жооптордун бири мени кызыктырбай койгон жок. «Ѳтѳ жакшы болмок, бирок алардын ата энелеринин жашоо- шарты ар башка да, бирѳѳсүнүн баласына  форма  алып берүүгѳ каражаты жетсе, башкасынын каражаты жетпеши мүмкүн да»,-деди.

Бул жооптон улам     ата -энелерге да суроо  узаттым:-Баары тегиз кийинишсе абдан жакшы болмок, бирине-бири атаандашпайт дагы эле. Азыр кийимине карап   айрымалап калышпадыбы, байдын баласы- жакырдын баласы деген кемсинтүүлѳр да  жоюлмак. Жок дегенде мектепте бирдей кийинип турушса, мектепти бүткѳндѳн кийин каалагандай кийинип алышат эле, деген ойлорун айтышты. Мен алардын айрымдарына –сиз ѳз балаңызга (кызыңызга) 500сомдон ашык акчага форма алып беүүгѳ макулсузбу,-деген суроо узаттым.

 -Албетте макулмун,  анткени азыр бир эле кофтасы 500сомдон кымбат турат да. Эң кызыгы бул маселеге баары оң кѳз карашта экени кубандырды. Ушул эле жооптон кийин ой келет, бул маселени ишке ашыруу үчүн демилгени  башташ гана керек турбайбы!  Ким кѳтѳрүп чыга турганы  азырынча белгисиз, бирок бул маселени чечүү зарыл.

                                                                                                             Сайкал НУРБЕК кызы,

 № 42 Керме Тоо   мектебинин 8 б классынын окуучусу

 

 

 

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>