Жаңы жыл күнү коомдук транспорттор түнкү экиге чейин иштейт

 Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен иштөө кызматынын билдирүүсүнө караганда Ош шаарынын вице-мэри Ильяс Ражапов түштүк калаадагы бардык мекеме жана ишканалардын жетекчилери менен 2014-жаңы жылды тосуп алууга даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

 Ош шаарынын мэриясынын тапшырмасына ылайык, бардык мекеме-ишканалар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү. Мындан сырткары, майрам күндөрү электр жарыгы үзгүлтүксүз берилүүсү маалым болду. “Майрам күндөрү эч кандай өчүрүүлөр, үзгүлтүккө учуроолор болбоосу шарт, эгерде авариялык учурлар катталса, тез арада калыбына келтириңиздер, анткени майрам күндөрү шаардыктар жарыксыз отурбасын”, -деди Ильяс Ражапов.

 Ошондой эле, 31-декабрь күнү түнкүсүн Ош шаарынын коомдук транспоттору түнкү саат экиге чейин иштешип, шаардыктарды тейлешет. Ал эми күч органдары коомдук тартипти сакташат. Бардык мекеме-ишканалар, башкармалыктар, мамлекеттик ишканалар,  уюмдар, дүкөндөр жаңы жылга карата шаардыктрага майрамдык маанай тартуулоо үчүн кооздоолорду башташты.

 Өзгөчө Ильяс Ражапов Ош шаарын жарык менен камсыздоого басым жасады.

                                                         Азамат Маматалы уулу,

                  Ош шаарындагы “Олимп” гимназия мектебинин

                9-β классынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>