Ааламдын алтынчы керемети – Родос аралындагы Гелиостун монументи

Родос аралындагы  Гелиостун

монументи

Ааламдын  алтынчы  керемети  аталган Родостук  коңгуроо илгерки  гректердин  күн  кудайы   аталган  Гелиостун Грециядагы  Эгей  деңизинин  жанындагы аралда жайгашкан  гиганттык  статуясы.    Александр Макдонскийдин  мыкты  державасы  кулагандан  кийин Родосту  Птоломей  ѳз   башкаруусуна  алат. Биздин  заманга  чейин 305-жылы Сириянын  бийлеп  тууручусунун  уулу Деметрий Полиоркет аралды  кѳп  убакыт  курчоого  алган,  бирок  жыйынтык  бербегенден  кийин чегинет  да   Родосту  таштап  кетет.   Полиоркет  кеткенден  кийин  анын  калган  куралдарын  сатып  Родостун калкы Гелиостун  урматына   статуя тургузууну  чечишет, Гелиос  Родос  эли  үчүн  жѳн  эле күн кудайы  эмес,  ошол  Родос  аралын  жаратуучусу   болгон.

Эгерде  легендага   ишенчү  болсок,  Эгей  деңизинен  аралды  кѳтѳрүп  ѳз  колу  менен  аралга  айланткан.  Күмүш  гигантты  курууу  үчүн  скульптор  Харес   шакирти Лисиппа менен биргеликте   жыйырмадан  ашык  жыл эмгектенип,  36  метрге  жеткен  монументти  аягына  жеткирген. Жыйырма  жылдан  кийин  курулуп  бүткѳн  монументтин   башында  жаркырап  турчу венец  менен  Родосс  аралынын  элин  таң  калтырган. Монумент  жакынкы  аралга  да  кѳрүнүп турган   делет.  Монумент  ѳзү  бир  гана  топурактан  жасалып,  36 метр бийиктикте болуп,  60  жылдан  ашык  турат,  бирок  биздин  заманга  чейин  222-жылы  катуу  жер   титирѳѳдѳн  кийин  кулаган  делет. Монументтин  калдыктары  миң  жылга  жакын  жатып,  биздин  заманга  чейин 907-жылы Родосту  басып  алган  арабдарга  сатылган. Арабдар  монументти  алып  кетүү  үчүн  900дѳн  ашык  тѳѳгѳ  жүктѳгѳн  деп  айтылат. Дагы  бир  легендага  кѳз  салчу  болсок,  анда  монументти  жылдырганда жер  титирѳѳ  болуп,  монумент  кулап  кеткен,  аны  кайрадан  тургузганда   дагы  кулайт.  Жергиликтүү  акылмандардын  айтуусунда   эгер  дагы  бир  жолу  кайрадан  тургузушса   Родосс  аралы  жок   болмок.

                                 Даярдаган Каныкей  БАКТЫБЕКОВА

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>