Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясында быйылкы жылы биринчи жолу футбол боюнча мелдеш өттү. Мелдеш мектепте биринчи жолу дайындалган спорт министри тарабынан уюштурулду. Таймашка 7-11 класстардын окуучуларынын командалары катышышты.
Биринчи жолугушуда 11-класстардын жана 10-класстардын окуучулары ойношуп, 10-класстын окуучулары 1:4 эсебинде жеңип алышты. Андан кийин эки 7а жана 7б – класттын командалары жолугушуп, бул оюнду 7б 7:3 эсеби менен утту.
Үчүнчү күнү дагы эки сегизинчи класстардын командалары ойношуп, бул жерде 8а –класстын оюнчулары 3:2 эсеби менен жеңишке ээ болушту.
Эң кызыктуу беттешүү 9-класстар ичинде болду. Себеби бул матчта эң сулуу голду 9а –класстан кличкасы “ножницы” А.Бенжамин киргизди жана анын командасы 6:4 эсеби менен утушту.
Жарым финалда өтө көп голдор киргизилди. 10а 9:6, 9а жана 8а 9:3 7б жеңишти. Бул таймаш чыныгы футбол мелдешиндей өттү. Себеби калыстар катышып, эрежелер так сакталды. Ашып кетсе үч бала “сары карточка” алышты. 7 жана 9-класстар үчүнчү орунга татыктуу болушуту. Финал өтө деле кызык болбой, 10-класс көйгөйсүз эле 6:3 эсеби менен 8- классты жеңип, “Олимптин” чемпиону болду.
Азамат Маматалы уулу,
“Олимп” мектеп-гимназиясынын 9 – классынын окуучусу














Комментарии