Ушул күнү таң эртең менен шаардын мэри Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары, шаар коомчулугунун катышуусунда шаардын Навои көчөсүндөгү борбордук базардын жанындагы эки кабат(эстакаттык) көпүрөнүн курулушунун башталышынын салтанатында курулуштун алдына капсула салынды. Шаар жетекчисинин айтымында бул эки катар көпүрөнүн туурасы 20 метрди, узундугу 354 метрди, көпүрө менен устун коюлбаган жолдун курулушунун узундугу биригип 710 метрди түзөт жана бул жолдон өткөн суу, канализация түтүктөрүнүн бардыгы алмаштырыла тургандыгына токтолду. Курулуш 2015-жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берлмекчи.
Көпүрөнүн курулушунун башталыш салтанатына катышкан шаар тургундары, жаштар бул жакшы саамалыктын башталышына ыраазылыктарын билдиришип, көпүрөнүн курулушуна каражат чогултуу үчүн марафон уюштуруу зарылдыгын белглешти. Студенттер жакшы иштин башталышына бир айлык стипендияларын чогултушуп, конветке салып жакшы иштин башталышына демилге көтөрүшүп, конвертти шаар жетекчисине тапшырышып, шаар үчүн кам көргөндүгү үчүн шаардын мэрине ыраазыылык билдиришип, бош убактыларында бул курулушка жардам берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Азамат Маматалы уулу
Комментарии