Азиядагы шаар мамлекет

18502_original_2

Сингапур республикасы-шаар мамлекет. Ал  Малазия менен Индонезиянын ортосунда Түштүк –Чыгыш Азиядагы  аралда жайгашкан. Республиканын территориясы Сингапурдун негизги  аралында жана дагы 62 чакан аралдарда, аралдардын  жээктеринде жайгашкан.

Сингапур Кытайдын  архивдик маалыматтарында III  кылымдардан тарта  жазылган. XIV кылымдарда  ал Темасек деп аталган жана  көп жылдар  маанилүү соода борбору болуп эсептелген, бирок  бир катар мезгилден кийин   начарлап  кеткен. 1867-жылдары Сингапур Британиянын колониясы болуп, англиялыктар ага Кытай  жолундагы  маанилүү  пункт катары  гана маани беришкен. 1965-жылы Сингапур өз алдынча мамлекет болуп калган.  Бирок ал кезде Сингапур  жада калса ичүүчү суусу да, курулуш кумунан бери  башка мамлекеттерден алынып келинген кичинекей, кембагал мамлекет  болчу.  1959-жылдан 1990-жылга чейин, Ли Куан Юнун башкаруусунун мезгилинде жаратылыш байлыгы жок Сингапур  бир катар ички көйгөйлөрүн чечип,  жашоо деңгээли  жогорулап, өнүккөн өлкөгө айланган.

Сингапур- калкынын саны 5 млн.го жеткен дүйнөдөгү экинчи мамлекет.

 Сингапурда жашаган легенда боюнча  качандыр бир кездерде Сингапурда башы арстан, денеси балык каарман  болгон. Ал жергиликтүү  калкты коргоп,  элдин душманын жалындаган от менен өрттөп жиберчү экен. Эл оозундагы легендага ылайык  анын  түспөлүндө 1972-жылы  Сингапурда  бийиктиги 8,6 метрди түзгөн, салмагы 70 тонна фонтан курулган.

Сингапурдун символу-  Мерлайн мифтик  каарман (жарым арстан-жарым балык). Шаар-мамлекет- анчалык чоң эмес аймак, шаар –көзкарандысыз мамлекет. Азыркы мезгилде дүйнө жүзүндөгү көз карандысыз  шаар-мамлекеттердин катарына Сингапур, Монако, Ватикан кирет.

                                                                 Азамат Маматалы уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>