Ош шаардык ички иштер башкармасынын жол кайгуул кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Шакиров Шайырбек Шакировичтин билдирүусүнѳ караганда ѳткѳн 2012-жылдын эки айында жол кырсыгынан 7 мектеп окуучусу жабыр тартса, 2013-жылдын ушул мезгил ичинде 11 мектеп окуучулары жаракат алышып, ооруканаларга түшүшкѳн. Мектеп окуучулары негизинен жол эрежесин сактабагандыгынан, жол эрежелерине маани бербегендигинен жабыр тартышууда. Жаш жеткинчектер биринчиден жолдон атайын жѳѳ жүргүнчүлѳр ѳтүүчү сызыктардан (зебралардан) ѳтүшпѳйт. Жол чырактарына кѳңүл бурушпайт.
ДалееCategory Мектептин жашоосу
Биздин мектеп наамын алып жүргѳн Уркуя Салиева 1910-жылдын 17-февралында Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Тактек айылында туулган. Ал ошол кездеги аялдын орду үйдѳ, казан- аякта,-деген эски кѳз карашка карабастан эски заман менен күрѳшүп, жакшы жашоону орнотууга бүткүл күч- аракетин жумшап, колхозду башкарып турган. 1934-жылы 3-февралда Уркуя Салиева ѳмүрлүк жолдошу экѳѳ тең душмандар тарабынан ѳлтүрүлгѳн.
ДалееШаардык олимпиадада П.Нышанов атындагы мектеп алдыда
Ош шаарындагы П.Нышанов атындагы № 50 мектеп –гимназиясынын окуучулары 12-январда болуп ѳткѳн шаардык олимпиадада жакшы ийгиликтерди жаратышты. Олимпиадада 11-класстарынан 6 окуучу ийгилик жаратса, алардын тѳртѳѳ биринчиликти алды, 9-10 кластарынын окуучуларынын арасынан 9 окуучу алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Бул окуучулар азыркы убакта 26-февралда боло турган аймактык олимпиадага кызуу даярданып жатышкан убагы. Албетте, биз № 50 мектеп –гимназиясынын мугалимдери жана окуучуларынын атынан ийгилик каалап, алардын жетишкендиктер менен келишине ишенебиз.
ДалееОш шаарындагы мектептердин окуучуларына «Данек» гезитинен кандай материалдарды окугулары келе тургандыгы тууралуу сурамжылаганыбызда алар тѳмѳндѳгүдѳй ойлорун айтышты: (Сурамжылоого шаардагы №11 В.Терешкова атындагы жатак мектебинин 7 –классынын окуучулары жооп беришти)
Темир Садыков: «Данек» гезитин биринчи санынан бери окуп келатабыз. Мектеп окуучулары үчүн кызыктуу макалалар кѳп. Ѳзгѳчѳ «Дүйңѳнүн жети керемети», Ош шаарынын кооз жайлары тууралуу макалалар биз үчүн кызыктуу. Мен «Кыргыз баатырлары» деген темадагы материалдарды да окугум келет».
ДалееШаардык балдар ит, мышык, тоту куш, ташбака жана башка үй жаныбарларын багууну жакшы кѳрүшѳт. Үйдѳ ит, мышыктын пайда болушу балдарга чоң кубаныч тартуулайт. Менин кѳп досторумдун алабай, овчарка. короочу жана башка түрдөгү иттери, мышыктары бар. Алардын кылык-жоруктары жөнүндө айтып берүүдөн тажашпайт. Мен дагы короочу итти күчүк кезинен багып чоңойтконмун. Ал мага аябай үйрѳнүп калгандыктан, сабактан келгенимче сагынып калчу. Аябай эркелеп, мени менен ойногонду жакшы көрчү. Ит адамдын эң ишенимдүү жана берилген досу боло алат.
Мен үчүн эң кыйын предмет –бул алгебра, химия. Алар мен үчүн ѳтѳ татаал сабактар. 26-январь күнү да бизге химия сабагы болду. Ал күнү мен үй тапшырмасына даяр эмес элем. Эптеп шылтоо кылып жооп сурап кетип калайын десем эжеке жооп бербей койду. Айлам жок эмне кылат элем, отуруп калдым. Эжей үй тапшырмасын чекеден сурай баштады. «Даяр эмесмин»,-деген сѳздү укканда жини келип кетти да.
ДалееОш шаарындагы чыгармачыл окуучулардын сынагы жыйынтыкталып, калыстар 5 жеңүүчүнү аныкташты. Сынак быйыл жарыяланган Эмгекчилердин жылына карата шаардагы мектептердин 9-11 класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн.
ДалееКайсы ата-эне болбосун ѳзүнүн балдарына мээримин тѳгүп, тарбия берет эмеспи. Бирок азыркы мезгилде тиричиликтин айынан канчалаган ата-энелер балдарын багуу үчүн чет жакага иштегени кетишүүдѳ. Балдарын болсо жакын адамдарына таштап кетишкен үй бүлѳлѳрдү акыркы мезгилде кѳп кездештирип калдык. Ата-эненин мээримине муктаж болуп, жакшы тарбия албай кээ бир балдар жаман жолго түшүп кетишет, а кээси тескерисинче ата-энем мени багам деп кыйналып чет ѳлкѳдѳ иштеп жүрѳт деп жакшы жолго умтулушат, үлгүлүү жүрүп, жакшы окуганга аракеттенишет. Ошондой окуучулардын бири-менин эң сүйүктүү курбум Нуржан, ал экѳѳбүз Ю.Гагарин атындагы мектептин 8»А»-классында бирге окуйбуз.
ДалееѲткѳн кышкы каникулда «Форум театр» тренингинин катышуучулары атайын кастингден ѳз таланттарын кѳрсѳтүшүп, каникул ичи Мамакеев санаториясында 14 күндүк тренингде болушкан. «Форум театр» Кыргызстанда 3 жылдык долбоор болуп, буга чейин Чүй жана Баткен облустарында жүргүзүлгѳн. Тренингге Ош менен бирге Жалалабат облусу алынган. Эки облустан тең 7 мектептен экиден таланттуу мугалим жана окуучулары тандалган. Долбоор ЮНИСЕФ уюму тарабынан уюштурулган. Дал ушул долбоор тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн «Форум театр» тренингинин катышуучусу, №38-мектеп гимназиясынын мугалими Алдыракова Гулбара эжеке менен маектештик:
Далее
Ош шаары күндѳн-күнгѳ жашарып, кооз шаарга айланууда. Шаардын мерчемдүү жерлерине эстеликтер курулуп, эс алуу бактары ирээтке келтирилип, кѳчѳлѳр оңдолуп, түстүү оргумалар курулуп, түнкү жарыктар жаркырап, бүгүнкү күндѳ шаар кулпунуп турган мезгили. Бирок шаарыбызда кѳйгѳй жок, телегейи тегиз деп айтуудан алысмын. Кѳйгѳй кѳп, бирок баарыбыз кааласак чечиле турган кѳйгѳйлѳр. Ошол кѳйгѳйлѳрдүн эң орчундуусу-тазалык.
Далее26-январда “Олимп” мектеп-гимназиясынын окучуулары арасында теннис боюнча мелдеш ѳттү. Мелдешке 6-11 класстардын ичиненен 2-3тѳн эң мыкты теннис оюнчулары катышышты. Бардыгы 22 окучуу эле. Теннис мелдеши “Олимп” мектебинде ар жылы кышында абдан кызыктуу ѳткѳрүлѳт. Быйылкы мелдеш алардан арттан калган жок. Оюндун күйѳрмандары мелдешке катышкан досторун активдүү колдоп жана кол чабып турушту. Оюндун шарты боюнча утулган оюнчулар мелдештен чыгууга мажбур болушат. Ал эми жарым финалга жеткен оюнчулар финалга чыгууга жана үчүнчү орунга ойношту. Оюндун калысы дене тарбиянын мугалими Моминов Рахматулло болду.
ДалееАлбетте, ар бир шаардын ѳзүнүн ѳзгѳчѳ орчундуу кѳйгѳйлѳрү болот. Болгондо да бир тараптуу эле кѳйгѳй эмес, андай жүрѳк кейиткен оор кѳйгѳйлѳрдүн кѳптүгү ар бир шаарда жашаган тургундарды ойлонтпой койбосо керек. Мен окуучу болгондуктан мени транспорт кѳйгѳйү кѳбүрѳѳк тынчсыздандырат. Себеби ар бир окуучу мектепке сѳзсүз автобус, троллейбус же маршрутка менен барышат, жѳѳ жүргѳн окуучуну чанда гана кездештиресиң. Окуучу мектепке батыраак кечикпей барыш үчүн автобуска же маршруткага түшүү керек. Бирок окуучуларга кѳп учурда эле маршруткалар токтобой коет, токтосо да автобустар чоң класстын окуучуларына эле токтойт. Ал эми автобустар аялдамада сѳзсүз токтогондуктан ага чыгып алууга мүмкүнчүлүк кѳбүрѳѳк. Токтобой койгондугунун себеби, бул окуучулардын жол акысын толук тѳлѳй албагандыгы.
ДалееБиздин экинчи ата-энебиздей болгон мугалимдерди айрым окуучулар кѳп учурларда капа кылып, ачуусуна тийишет. Чындыгында мугалимдик кесип абдан түйшүктүү, оор анан да татаал. Эжекелер биз үчүн канчалаган мээнетин, энергиясын, убактысын жумшашат. Керек болсо ѳз балдарына да бизчелик убактысын кетиришпейт. Мугалим бирѳѳ болсо, ал эми биз-отуз, кырк болобуз. Дагы тынч отурбай, сабакты жѳн ѳткѳздүрбѳйбүз. Кээ бир жаш мугалимдер окуучулардын мындай мамилесинен, тартипсиздигинен тажап кетип калышат. Ал тургай мугалим болуудан да качышат. Кайсы убакта мугалимдин окуучуларга кѳбүрѳѳк ачуусу келет?
ДалееАйлана аппак, эшикте лапылдап кар жаап жатат. Терезеден аппак карды Алина дайыма карай берет.Таптакыр түшүнбѳйм, ал эмнеге жамгыр, же кар жааса акмалап кѳзүн албайт? Мектепте кѳп эле сүйлѳй бербейт, дайыма китепканадан чыкпайт. Сырдашы сыягы китеп го… Анын жүрүм-туруму, ар бир сабакка катышуусу ѳтѳ ѳзгѳчѳ. Баарынан мактоого татыктуу. Мен аны карай берем, карай берем. Карагандан эч тажабайм, акыркы мезгилдерде ѳзүмѳ -ѳзүм суроо бере баштадым. Эмне үчүн ал менден күчтүү окуйт, ал эмнеге убактысын текке кетирбей пайдалуу иштерге жумшайт,-деген суроолор бүт денемди курчап алды. Ѳзүмдѳн-ѳзүм туталанып, ага кадимкидей атаандаша баштадым. Китепканага бардым, китепти барактап, барактап, окуган адам болуп жүрдүм. Алинага кѳзүм түшүп калды. Ал дагы деле китептен кѳзүн албайт. Анда-мында терезеден айланага кѳз чаптырып, кайра окуганды улантат. Эмне үчүн ал ушундай?
ДалееАр бир окуучунун классында, мектебинде кызыктуу окуялар болуп турат эмеспи. Ошондой күндѳрдүн биринде сабакта отурган элек. Адеп сабагынан берген эжеке «Ѳзүн-ѳзү тарбиялоо»,-деген темада эссе жазгыла,-деди. Класс тынч, окуучулардын бардыгы эссе жазуу менен алек. Марал деген кызыбыз биринчилерден болуп жазып бүтүп, эжекеге алпарып текшертип, баа койдурайын десе күндѳлүгү жок. Ал кыз ыйлап, эжеке «Кимиңер алсаңар, же кѳргѳн болсоңор кайтарып берип койгула»,-деди. Ангыча кийинки сабак башталып, окуучулар топурап башка сабакка кирип кетишти. А Бекмырза болсо, класста калып, Маралдын күндѳлүгүн кайтарып берди. Эгер күндѳлүктү кайтарып бербесе Марал да, башкалар дагы Бекмырзаны ууру деп ойлоп калыштары мүмкүн эле...
ДалееАр жылы «1-декабрь СПИД менен күрөшүү күнүнө карата биздин мектепте сынак ѳткѳрүлѳт. Быйылкы жылы дагы СПИД, анын алдын алуу максатында сынак уюштурулуп, класстар арасында командалар таймашты. Сынакка 8-11-класстардын окуучулары катышышты. Сынактын максаты СПИД оорусу жѳнүндѳ түшүнүк берүу жана анын алдын алуу болчу. Бардык класстардын окуучулары сынакка даярдалган программа боюнча даярданышыптыр. Программада саламдашуу, инцинировка, суроо-жооп бар эле.
ДалееОш шаардык билим берүү башкармасынын начальнигинин орун басары Абдыкалык Акжоловдун билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарындагы мектептердин бардыгында кышкы каникул Кыргыз Республикасынын билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык республиканын бардык мектептериндегидей эле 24-декабрдан башталып, 11-январга чейин созулмакчы. Белгилеп кетүүчү жагдай,бүгүнкү күндѳ Ош шаарында 56 мектепте 49 миң 431 окуучу билим алышууда.
Каныкей БАКТЫБЕКОВА...
Далее



























Комментарии