Жол эрежесин сактайлы

Ош шаардык ички иштер башкармасынын жол кайгуул  кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Шакиров Шайырбек Шакировичтин билдирүусүнѳ караганда ѳткѳн 2012-жылдын эки айында жол кырсыгынан 7  мектеп окуучусу жабыр тартса, 2013-жылдын ушул мезгил ичинде 11 мектеп окуучулары жаракат алышып, ооруканаларга түшүшкѳн. Мектеп окуучулары негизинен жол эрежесин сактабагандыгынан, жол эрежелерине маани бербегендигинен жабыр тартышууда. Жаш жеткинчектер биринчиден жолдон атайын жѳѳ жүргүнчүлѳр ѳтүүчү сызыктардан (зебралардан) ѳтүшпѳйт. Жол  чырактарына кѳңүл бурушпайт.

Натыйжада жаш балдар жол кырсыктарына кабылышууда. Биз акыркы мезгилдерде кырсыктардын алдын алуу максатында «Кѳңүл бургула балдар!», «Жѳѳ жүргүнчү» аттуу рейддерди ѳткѳрүүдѳбүз. Жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча роликтерди  кѳргѳзүп атабыз. Жолдо жүрүү эрежелери боюнча китепче иштеп чыктык. Китепчеде шаардын кѳчѳлѳрү, жол чырактарынан (светофордон)  ѳтүүнүн эрежелери жайгаштырылган. Андан сырткары ар бир мектепте жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрѳтүү боюнча (ЮИД)  командаларыбыз бар. Алар мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрѳтүшѳт. Биздин кызматкерлер бардык мектептерде жол эрежелери боюнча сабактарды ѳтүп турушат. Ар бир окуучусуна мектептен үйгѳ, үйдѳн мектепке чейин схема сызып беришет. Анда кайсыл мектепке барасың, кайсыл жол менен ѳтѳсүң, кайсыл автобуска түшѳсүң баары жазылган. Мындан сырткары «Жолдо жүрсѳң абайла», «Кѳңүл бургула балдар» аттуу роликтер даярдалууда. Азыр эми жол кесилиштеринде санариптик жол чырактары коюлуп, балдарга ыңгайлуу болуп калды. Мектеп окуучулары жолдо жүрүүнүн эрежелерин жакшылап үйрѳнүш үчүн сынактар ѳткѳрүлүп турат. Мисалы ѳткѳн жылы жол эрежелери боюнча мектеп окуучуларынын арасында ѳткѳн республикалык сынакта Атабаев атындагы мектептин окуучулары үчүнчү орунду ээлеп келишти.

Жагдайдан пайдаланып, ата-энелерге кайрылып кетүучү жагдай, балдарга кичине кезинен жол эрежелерин так сактоону үйрѳтүп, жол чырактарына карап, жѳѳ жүргүнчүлѳр ѳтүүчү жол сызыктарынан гана ѳтүүгѳ үйрѳтүшүбүз керек,-деди Шайырбек Шакирович.

                                                                Азамат Маматалы уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>