Ош шаарындагы чыгармачыл окуучулардын сынагында 5 жеңүүчү аныкталды

Ош шаарындагы чыгармачыл окуучулардын сынагы жыйынтыкталып, калыстар 5 жеңүүчүнү аныкташты. Сынак быйыл жарыяланган Эмгекчилердин жылына карата шаардагы мектептердин 9-11 класстардын окуучуларынын арасында өткөрүлгөн.

Катышуучулар  Кыргызстанда илимдин, жаңы технологиялардын өнүгүшү, эмгекчилердин бейнесин сүрөттөгөн эссе жазуу, сүрөт тартуу жана шахмат ойноо жагынан мелдешишти.Анын жыйынтыгында №32 мектептин 9-классынын окуучусу Жумабай кызы Акылай,  №20 мектептин окуучусу Айжан Турсунбаева мыкты эссе жазуу боюнча жеңип чыгышты. Ал эми  сүрөт тартуу жагынан №20  мектептин окуучусу Алмазбек уулу Чынгыз тандалды. Ушул эле мектептин 9 классынын окуучусу Тимурлан Султаналиев шахмат ойноо боюнча мыкты деп табылды. Жеңүүчүлөр Бишкек шаарында өтүүчү республикалык мелдешке катышууга жөнөп кетишти.

Маматалы уулу Азамат,
«Олимп» мектеп-гимназиясынын окуучусу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>