Category Жаңылыктар

№52 орто мектебиндеги Тамашоу сынагы


Ош шаарындагы №52 Ак-Тилек орто мектебиндеги класстар арасында Тамашоу сынагы болуп өттү.

Далее

Тамашоу сынагы

Далее

Оштун жаштары менен Алматы шаарынын жаштары кызматташат

молодеж Казахстана

молодеж Казахстана 2

Ош шаарынын күнүнө карата  шаарга  Казах  Республикасынын жаштарынан турган делегация келди. Ошол эле күнү Ош шаардык мэриясынын алдындагы жаштар комитети менен  Алмата шаарынын жаштар комитетинин ортосунда кызматташуу боюнча  меморандумга кол коюлду.

Казахстандан келген делегацияны Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов кабыл алып, булл жолугушуу Кыргызстан менен Казахстандын жаштарынын ортосундагы  кызматташууга көпүрө болуп кала турганын билдирди.   «Мындан ары биз Алматынын жаштары менен тыгыз байланышта болобуз, скайп аркылуу семинарларды өткөрүп турабыз...

Далее

Ош шаардык мэриясы «Алай” футболдук командасына автобус жана жеңил автомашина тапшырды

 спорт автобус

автобус, спорт

спорт автобус1Ош шаардык мэриясы «Алай» футболдук командасына 2013-жылдагы жетишкендиктери үчүн автобус жана «Honda CRV-4”  автомашинасын  ыйгарды. Ош шаарынын мэри  футболдук команданы ийгиликтери менен куттуктап, ыраазылык билдирүү менен  Кыргызстандагы чемпионаттардагы ар бир гол үчүн футболчу Ош шаарынын аймагынан жер тилкесин  ала тургандыгын белгиледи.

 Ошол эле жыйында шаар жетекчиси шаардагы мектептердин бардыгына 150 компьютер тапшырды. Же ар бир мектеп 5тен компьютер алды...

Далее

Каракол-Ош шаарлары достошту

   

Ош-Каракол  5-октябрь  күнү Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов менен Каракол шаарынын мэри Рыскул Калыгулов өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту. Каракол шаарынын мэри   Рыскул Калыгулов  Ош шаарынын тургундарын майрамы менен куттуктап, шаарда абдан жакшы иштер болуп жатканын белгиледи.

                                                                                               Сайкал Нурбек кызы

Далее

Ош шаарынын күнүндө

спорт аянтчасынын ачылышы

 

балдар аянтыБалдар үчүн спорттук аянтчалар

Шаар күнүнө карата Ошто бир катар обьектилер курулуп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Ушул күнү шаардын бардык кичи райондорунда майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү. «Туран» жана «Керме Тоо» аймактык кеңештериндеги балдар үчүн спорттук аянттардын курулуп бүткөрүлүп пайдаланууга берилиши аталган райондордун тургундарын кубанычка бөлөдү. Шаардын вице-мэри Рустам Мирзаматов аталган райондордун тургундарын майрамдары менен куттуктады.

Далее

«Амир –Темир» аймактык кеңешинде жаңы мектеп ачылды

Мектеп Амир-Темир

мектеп А-Т1

Шаардын  күнүнө карата шаардагы «Амир-Темир» аймактык кеңешинде жаңы мектеп ачылды. Мектептин салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын премьер-министри ЖантөрСатыбалдиев, Ош шаарынын мэрии Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, шаардык кеңештин депутаттары, аймактык кеңештин тургундары катышышып, жаңы мектептин ачылышы менен куттукташты. Азыркы мезгилде бул мектепте 500 окуучу  окуйт. «Ош шаарынын күндөн күнгө гүлдөп өсүп атканына кубанычтамын.  Келген сайын жаңы курулушту көрчү болдум»,-деди премьер-министр...

Далее

Жаңы көчө пайдаланууга берилди

Монуев кочосу Бул  күнү Ош шаарында Монуев атындагы көчөнүн курулушу  бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.   Шаар мэри  көчөнүн ачылуу салтанатында бул көчөнү курууда кандай кыйынчылыктар болгонун, ошого карабастан жол курулуп бүткөрүлгөндүгүн жана шаардын борбордук көчөлөрүндө автоунаалардын тыгынын азайтуу максатында  жолдор дагы кеңейтилип курула тургандыгын белгиледи. Шаар тургундары шаар жетекчисине ыраазылыктарын билдиришти...

Далее

Түштүк борборунда шаар күнүндө эки кабат көпүрөнүн курулушу башталды

копурого капсула салууда

фото день города2

капсула салуудафото день города 11Ушул күнү  таң эртең менен шаардын мэри Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир катар депутаттары, шаар коомчулугунун катышуусунда шаардын Навои көчөсүндөгү  борбордук базардын жанындагы эки кабат(эстакаттык)  көпүрөнүн курулушунун башталышынын салтанатында курулуштун алдына  капсула салынды. Шаар жетекчисинин айтымында  бул эки катар көпүрөнүн туурасы 20 метрди, узундугу 354  метрди, көпүрө менен  устун  коюлбаган жолдун курулушунун узундугу  биригип 710 метрди түзөт жана бул жолдон өткөн суу, канализация түтүктөрүнүн  бардыгы алмаштырыла тургандыгына токтолду. Курулуш 2015-жылы бүткөрүлүп пайдаланууга берлмекчи.

Далее

Түштүк борборунун күнү салтанат менен белгиленди

шаар куну 1

шаар куну 2

шаар куну Ош5-октябрь күнү Ош  шаарынын күнү  салтанат менен белгиленди. Шаардын борбордук аянты  кооздолуп, жасалгаланган.  Шаардын күнүнө арналган салтанатка  Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев, Ош  шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  бир катар депутаттары катышып,  шаардыктарды майрамы менен куттукташып,  ордолуу Ош шаарынын  тургундарына ынтымак, биримдик жана  кут, береке каалашты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин  Ош шаарынын тургударын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев окуп берди.

Далее

“Олимпте” футбол боюнча мелдеш өттү

Ош шаарындагы  “Олимп” мектеп-гимназиясында быйылкы жылы биринчи жолу футбол  боюнча  мелдеш өттү.  Мелдеш  мектепте биринчи жолу дайындалган  спорт министри тарабынан уюштурулду. Таймашка 7-11 класстардын окуучуларынын командалары катышышты.

Далее

Мектеп окуучулары «FLEX» программасынын алкагында АКШга кайрадан бекер бара алышат

АКШга бекер барып бир жыл америкалык курдаштар менен окугуң келеби? Мындай мүмкүнчүлүктү «FLEX» программасы берет. Ал кезектеги катышуучуларды аныктай баштады.

«FLEX» программасы орто мектептердин окуучуларына АКШнын жалпы билим берүү мектептеринде бир  жыл бою билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул программа аркылуу АКШнын Конгресси өз жардамын КМШ (СНГ) өлкөлөрүнүн бардыгына сунуш кылат, алардын арасында: Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Орусия, Тажикистан, Түркменистан, Украина жана Өзбекистан мамлекеттери бар...

Далее

Апендинин жоруктарынан

Апендиге бир жолдошу чуркап келип, күйүккѳн демин араң басып: Тээтиги иттен коркуп, жүрѳгүм түшүп калды,-дейт. Апенди анда:  камыраба, азыр жүрѳгүңдү алып келип берем,-дептир.

Мугалим Апендиден: -Тѳрттѳн тѳрттү алса канча калат?-деп сурайт. Апенди билбей коет. Мугалим: Кел анда экѳѳбүз биргелешип чыгаралы. Сенин чѳнтѳгүңдѳ тѳрт тыйын бар эле, тѳртѳѳ тең түшүп калды дейли, канчасы калды?-дейт  мугалим Апендиге жан тарта. Чѳнтѳгүмдүн тешиги эле,-дейт шашып Апенди.

-Эшикке калың кийинип чыксаңчы, суук тийип жүрбѳсүн,-дейт апасы.  –Жок, апаке. Суук тийбейт, мен ага тийишпейм да,-дептир Апенди.

Далее

Жыйынтык чыгарууга кез келди

«Данек» гезитинин  акыркы 14 саны  жарыкка  чыгып, журналист-окуучулар эс алууга  кетишти.  «Журналисттер»  коомдук бирикмесинин Оштогу бѳлүмүнѳ  жаш журналисттер, гезиттин  окуучуларга жетишине кѳмѳк кѳрсѳткѳн  мектептердин ѳкүлдѳрү чакырылды. Активдүү иштеген окуучу-журналисттерге  «Журналисттер» коомдук бирикмесинин «Ардак Грамоталары» жана алардын ишинде пайдасы кѳп тие турган  флешкалар  тапшырылды.

Далее

Убакыттын тез ѳткѳнүн карачы…

Кечээ эле  мектеп окуучулары үчүн  чыга турган гезиттин биринчи санын чыгарабыз деп окуучулар менен  жолугушуп, колуна калем кармап кѳрѳ элек, бирок  жалындаган жаштыгы менен  кандай кыйынчылык болсо да багындырууга  даяр турган балдар, кыздар  менен баарлашып, алардын  кѳѳдѳнүнѳ батпай турган  максаттары менен үмүттѳрүнѳ  ортоктош болдук эле. Балалык деген ушул да, газета чыгаруунун түйшүктѳрүнѳн кабары жок  туруп, газетага  материал жазууга бел байлап,  түшүнбѳгѳн  учурда  сурап, ѳздѳрүн кадыресе кабарчыдай сезишкенине кубандым.

Далее

Аалам ойчулу-Пифагор

Ош шаарында жарыяланган  1 айлык “МИФ” усулдук бирикмесинин декадасынын негизинде №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинде  математикалык жана физикалык бир катар коомдук маданий иш чаралар ѳткѳрүлдү Алардын  бири- философ, атактуу математик Пифагордун чыгармачылыгына арналган “Пифагор улуу ойчул жана математик” деп аталган  математика кечеси болуп ѳттү. Кечеге шаардагы башка  мектептерден келген бир топ мугалимдер мейман  болушту. Кеченин жүрүшүндѳ түрдүү оюн- зооктор кѳрсѳтүлүп, окуучулардын ой жүгүртүүсүн  баалоочу кызыктуу жарыштар орун алып, жеңүүчүлѳргѳ балуу сыйлыктар тапшырылды жана  да кече түрдүү ыр бийлер менен катар эле спектакл  менен коштолду.

Далее

Эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлѳрү

Оштогу  «Сема» лицейинин бүтүрүүчүлѳрү Ислам Камилов жана Эламан Тилеков  Грузияда ѳткѳн 35 мамлекеттин окуучулары катышкан  Эл аралык олимпиадада  Химия сабагы боюнча  1- орунга татыктуу болушуп, Алтын медаль менен кайтышты. Экѳѳ тең аталган лицейдин 11 «Б»-классынын окуучулары. «Бул медаль бизге дем берди, биз мындан да мыкты ийгиликтерди жарата алаарыбызга ишенип кайттык. Мектепти аяктаган соң чет мамлекеттен билим алып, мыкты адистик алып, келечекте Кыргызстаныбыздын  экономикасын кѳтѳрүүгѳ  ѳз салымыбызды кошсок деген ниетибиз бар»,-дешти алар. Экѳѳ тең Алай районунун алыскы айылдарында, жѳнѳкѳй үй бүлѳдѳ чоңойгон балдар. Экѳѳнүн тең эки сабактан 4 деген баалары бар, калганынын бардыгы «5».

Далее

«География аянтчасы»

(долбоор)

П.Ж.Нышанов атындагы мектеп гимназиясынын 11-классынын окуучусу Каныкей Жеңишбек кызы, география мугалими Орозоева Айжан эжеке, ОшМУдан география илимдеринин доктору, кафедра башчысы Алайчиев Эрнис агай менен биргеликте долбоор жазганбыз. Ал долбоордун темасы «Географиялык аянтча»,-деп аталат. Ош шаарында  канчалаган мектептер, университеттер бар, бирок алардын эч биринде да «географиялык  аянтча» жок. Ѳзүбүз  билгенден Ак Тилек шаарчасында жаңыдан №52 мектеби ачылды. Ал жерде бардык  шарты бар, бирок географиялык аянтча жок.

Далее

Ош шаарында 2 күн суу ѳчүрүлѳт

“Ош шаардык суу канал” муниципалдык ишканасынын жетекчиси  Дѳѳлѳтбек Кокочоровдун билдирүүсүнѳ караганда Ош шаарында суу  түтүктѳрүн тазалоо-профилактикалык иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу  23-апрелдин  түнүнѳн 25-апрелге чейин ичүүчү таза суу ѳчүрүлмѳкчү.

                                                                 Нурсейит  Мамасыдыков

Далее

Мектеп окуучуларынын камкордугу

  Улуу Ата Мекендик согуштун  68 жылдыгына карата Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын демилгеси менен  Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жардам кѳрсѳтүү  боюнча мектептерде агитбригадалар түзүлүүдѳ. Мектеп окуучулары 20-апрелден баштап  ардагерлердин үйүнѳ барышып, аларга кандай жардам керек экендигин сурашып, үйлѳрүн, үйлѳрүнүн тегерегин жыйноого жардамдашышмакчы. Андан сырткары  мектеп жамааттары  ардагерлер үчүн  тамак-аш  топтошуп, жеткирип беришмекчи. Ош шаардык билим берүү башкармасынын жооптуу кызматкери Кутман Анарбаевдин билдирүүсүнѳ караганда  Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан  50  ардагер  камкордукка алынмакчы...

Далее