@ символу качан электрондук почтада колдонулуп баштаган?

Биз билгенден «Собачка» деп аталган @ символу негизинен электрондук адрестерде колдонулат. Бул символдун келип чыгышы боюнча бир катар маалыматтар бар. Алардын бирине токтолсок бул белги биринчи ирээт Флоренцияга жакын жерде соода документинде пайдаланылган. Ошондой дагы бир документтердин биринде, 1536 –жылы Испанияга келген соода кораблдери жѳнүндѳ айтылган. Ал жерде бул белги «кѳлѳм бирдиги» катары пайдаланылган. Ушундай эле дагы бир маалымат боюнча бул белги англис тилинде «тѳлѳм» документтеринде пайдаланылган. Кандай дегенибиз менен бардык мамлекеттерде бул белги расмий түрдѳ ѳлчѳм бирдиги, же товардын баасын билдирген коммерциялык символ болгон.

Электрондук почтада @ белгиси АКШынын атуулу, инженер-компьютершик Рэю Томлинсон тарабынан 1971-жылы колдонулган. Ал дүйнѳдѳ биринчи ирээт электрондук  почта аркылуу кат жѳнѳткѳн  жана ал катты кабыл ала турган даректи да ѳзү ойлоп табууга туура келген. Ошол күндѳн бери бул символ электрондук почталарда пайдаланылып келүүдѳ.

 Бул символ дүйнѳ жүзүндѳгү мамлекеттерде ар түрдүү  аталат. Мисалы Беларустарда жана Украинада-«Үлүл» же «Маймылча», Казахтарда -«Айдын кулагы», Немецтерде- «Жабышкан маймылча», Кытайларда- «чычкан», Финдерде-«мышыктын куйругу», Гректерде-«ѳрдѳкчѳ», Венгерлерде –«курт», Чехтер жана Словактарда-«Маринаддалган сельд», Шведдерде –«Булочка», Израилдиктерде-«Штрудель»,-деп аталат.

                                                                                Азамат Маматалы уулу

Написать ответ

You may use these HTML tags and attributes: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <s> <strike> <strong>