Category КЫРГЫЗЧА

В Оше отметили Международный День людей с ограниченными возможностями здоровья

В конце ноября-начале декабря в Оше был проведен ряд акций,   целью которых было привлечение внимание общества к людям с ограниченными возможностями здоровья. Редакция попросила рассказать поподробнее об этом Айнуру Мамажунусову, координатора Центра сотрудничества при мэрии города Ош.

                                                                                                                     0S3A9596

С 25 ноября по 3 декабря 2013 года в Оше прошла декада под названием: «Ош-город равных возмо...

Далее

Талкаланган күзгү

003

Бул окуя тээ илгери-илгери болуп өткөн. Ал учурда Корея кыштактарынын эли күзгү дегенди көрмөк турсун, ал жөнүндө уккан да эмес болучу.  Күзгүнү Сеул шаарындагылар гана билүүчү. Бир жолу айылдык бир соодагер Сеулга жумуштап келип, базардан күзгү сатып алып, аны үкөккө салып үйүнө алып келет. Үйүнө кайтып келгенде күзгү тууралуу эч бир жанга айтпады: аялына, энесине, атасына, а түгүл баласына дагы. Ар күнү жашырынып келип, үкөгүн ачып, күзгүгө өзү көрүнүп алчу. Бир күн ү аялы күйөөсүнүн артынан аңдып, күйөөсү негедир үкөгүн ачып, ал жакка карап күлмүңдөп коюп, кайра бекитип, аны катып коюп жүргөнүн байкап калат. Күйөөсү үйүндө жок учурдан пайдаланып, аялы үкөктүн капкагын ачып караса ичинде сулуу бир келин аны карап турат...

Далее

Азиядагы шаар мамлекет

18502_original_2

Сингапур республикасы-шаар мамлекет. Ал  Малазия менен Индонезиянын ортосунда Түштүк –Чыгыш Азиядагы  аралда жайгашкан. Республиканын территориясы Сингапурдун негизги  аралында жана дагы 62 чакан аралдарда, аралдардын  жээктеринде жайгашкан.

Сингапур Кытайдын  архивдик маалыматтарында III  кылымдардан тарта  жазылган. XIV кылымдарда  ал Темасек деп аталган жана  көп жылдар  маанилүү соода борбору болуп эсептелген, бирок  бир катар мезгилден кийин   начарлап  кеткен...

Далее

инфографика

грипп инфографика_2

Далее

Куткаруучулар облустук семинарга катышты

Фото баян

IMG_4043_2

IMG_4052

IMG_4062

IMG_4063

2013-жылдын 10-декабры күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын “Куткаруу кызматынын” куткаруучулары Ош шаарынын Джим көчөсүндө жайгашкан №79 – “Чолпон” орто мектебинде Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана мектепке чейинки мекемелерде окуп жаткан балдардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча Агахан фонду өткөргөн балдарды  өзгөчө кырдаалга  даярдоо боюнча облустук семинарга катышышты. Семинарда КРнын ӨКМнин куткаруучулары жаш өспүрүмдөрдү мекенчил, патриот болууга үндөшүп, кырсыктардын алдын алууда жана кырсык учурунда, ошондой эле кырсыктардын кесепеттерин жоюуда өзүн алып жүрүү жана куткаруу аракеттерин үйрөтүштү...

Далее

Чынгыз Айтматовго арналган акыл ордо таймашы

Adilet-Ilyaz-uulu-224x300

Атактуу сүрөткер,  кыргыз эл баатыры, залкар жазуучу  Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата өлкөбүздө жарыяланган 1 айлыктын негизинде Ордолуу Ош шаарыбыздын орто билим беүү жайларында бир топ маданий-массалык интеллектуалдык иш чаралар өткөрүлдү. Алардын бири “Айтматов ордосу” деп аталган интеллектуалдык акыл ордо таймашы боду.Таймаш негизинен Айтматовдун чыгармалары аркылуу окуучуларды табиятты сүйүүгө, жаратылышты коргоого чакыруу максатын көздөйт.Таймашка шаарыбыздагы №31 Курманжан датка мектебинин “Ак илбирс”тобу жана №48 мектептин “Ак кеме”тобу катышты.Таймаш №14 Алтыбаев мектебинде өткөрүлдү...

Далее

Керме –Тоо гимназия-мектебинин жаңылыктары

 Сайкал2185_2

 Достукту чыңдаган КВН

10-декабрь күнү Керме-Тоо гимназия мектебинде КВН болуп өттү. Шаардагы ар бир мектептен келишкен атайын тапкыч жана шайыр командалар өздөрүнүн таланттарын (бий, ыр, тамашаларын) көрсөтүштү. Атайын түзүлгөн  калыстар тобу жыйынтык чыгарышып,  1-орунду .”Биримдик”  командасына жана көрүүсү начар балдардын мектеп интернатына ыйгарышты.  2-орунду Керме-Тоо  гимназия мектебинин “Смайл” командасы, 3- орунду “Ынтымак” командасы менен №14-Каныбек Алтыбаев атындагы мектебинин  командасы ээледи.  Жеңүүчүлөр баалуу  белектер, атайын грамоталар менен сыйланышты. Ал эми эң жакшы катышуучу деген наамга көзү азиздер мектеп –интернатынан келген 9-классынын окуучусу Оморов Актилек ээ болду...

Далее

Мектеп окуучуларынын тамагы

Ош шаарындагы №50 мектеп-гимназиясынын кенже класстар боюнча завучу Бактыгүл Жусубалиеванын билдиргенине караганда аталган мектепте 1-4 –класстардан 507 окуучу мамлекет тарабынан атайын окуучулар үчүн берилген бекер тамак менен тамактанышат. Шаардагы мектептердин окуучулары үчүн атайын бирдей график түзүлгөн. 17 класстык комплект болсо ар бир окуучуга тамактаныш үчүн 10 минут убакыт берилет. Мисалы дүйшөмбүдө ар бир окуучуга 150 грамм сүт, 1ден булочка берилсе, шейшембиде 200 грамм компот, печенье, кийинки күнү пряник, коржк берилет. Бирок кечке эле пряник, булочка, печенье берсең балдар бул тамакты жегилери келбей калган учурлар болот. Айрым балдар сүттү жаман көрүшөт...

Далее

«Бир жыл ичинде көп иш бүткөрүлдү»

Мектеп директору Салтанат Аманова

Мектеп директору Салтанат Аманова                                                                                                

 

Бир жылдыкты куттуктоо

Бир жылдыкты куттуктоо

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» таланттуу балдар мектебинин жамааты мектептин ачылгандыгынын бир жылдыгын салтанат менен белгилешти.  Бир жылдыкка арналган жыйында ушул мезгил  ичиндеги аткарылган иштер боюнча маалымат берилип, слайд-шоу көрсөтүлдү. Мааракеге келген меймандарга  мектеп жамааты ыр, бий тартуулап, мектеп шаңга бөлөндү. Жыйында Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын методикалык жетекчиси Гүлмира Осекова, «Олимп» гимназия мектебинин директору Александр Алексеевич Язов жана башкалар куттукташып, мектеп жамаатынын ишине ийгиликтерди каалашты.

Далее

Нобелев сыйлыгы кайсыл жерде, кимдерге тапшырылат

Альфред Нобель

Альфред Нобель                           

Стокгольм

Стокгольм

Нобелев сыйлыгы- эң мыкты  илимий изилдөөлөр үчүн, революциялык табылгалар үчүн, маданиятка же  коомдун өнүгүшүнө кошкон ири салымы үчүн ыйгарыла турган  эл аралык  кадыр-барктуу сыйлыктардын бири.

Нобелев сыйлыгы  Альфред Нобелдин жазып калтырган мурас кагазына  ылайык негизделген. Мураста ал  сыйлыкты дүйнө жүзү боюнча беш илимий багыт боюнча гана ыйгарууга каражат бөлүү мурасы  жазылган. Алардын катарында адабият, физика, химия, физиология жана медицина белгиленген...

Далее

Сасык тумоонун алдын алса болобу?

Бизде мейманда  Ош  шаарындагы  №2 үй бүлөлүк медициналык борборунун жугуштуу оорулар  боюнча дарыгери  Бийзаева Айгүл Маматеминовна

IMG_3066_2

-Айгүл Маматеминовна айтыңызчы,  сасык тумоо кандай оору жана кандай учурда жугат?

-Сасык тумоо сууктун түшүшүнөн улам чөйрөдөгү чаң аркылуу, аба аркылуу, оорулуулар жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, бет аарчыны тосуп жөтөлбөй, оозун тоспой жөтөлгөндө, эл көп топтолгон жерлерде, окуучуларга мектепте, көчөлөрдө көбүрөөк жугат. Сасык тумоо курч кармаган оорулардын катарына кирет...

Далее

Өз мектебибиздин тазалыгы өз колубузда

4-Б класстын окуучулары

4-Б класстын окуучулары

IMG_3077

Ош шаарындагы  Киров атындагы мектебинин окуучулары ар жума сайын өз мектебинин тазалыгына  камкордук көрүшөт.  «Өзүбүз билим алган мектептин айланасын таза тутушубуз керек» дешет аталган мектептин окуучулары

                                                             Бекназар Исабек уулу

Далее

Мектеп окуучуларынын тамагы

IMG_0569_2

Ош шаарындагы №50 мектеп-гимназиясынын кенже  класстар боюнча  завучу Бактыгүл Жусубалиеванын билдиргенине караганда  аталган мектепте    1-4 –класстардан  507 окуучу мамлекет тарабынан атайын окуучулар үчүн берилген бекер тамак менен тамактанышат.  Шаардагы мектептердин окуучулары үчүн атайын бирдей график түзүлгөн. 17 класстык комплект болсо ар бир окуучуга тамактаныш үчүн 10 минут убакыт берилет. Мисалы дүйшөмбүдө  ар бир окуучуга  150 грамм сүт, 1ден булочка берилсе, шейшембиде 200 грамм компот, печенье, кийинки күнү пряник, коржк берилет.  Бирок кечке эле пряник, булочка, печенье берсең балдар бул тамакты жегилери келбей калган учурлар болот. Айрым балдар сүттү жаман көрүшөт...

Далее

«Себаттын» үч кызы

Аманила кызы Зубайда_2

Маектешим Аманила кызы Зубайда «Себат»  кыздар лицейинин 11-А классында окуйт.

-Зубайда 2012-2013-жылы республикалык олимпиадага катышып байгелүү кайтыпсың, кубандыңбы?

-Албетте, кубандым да! Өзүм Чоң-Алай районунда туулуп өскөм. Бул жерде мен 7-класстан бери окуп келатам, былтыркы окуу жылында республикалык олимпиадага кыргыз тили жана адабиятынан катышып,  2-орунга жетиштим.

-Кандай окуйсуң?

-Жакшы окуйм.

-Лицейде окуш сага эмне себептен жагат?...

Далее

Керме-Тоо мектебинин жаңылыктары

Көптү үйрөткөн семинар

12-13-14-ноябръ күндөрү Керме-Тоо орто мектебинин  тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Мамырова Айнура, соц. педагог Мамразак кызы Жылдыз, жаш өспүрүмдөрдүн  ишин жетектөөчү Бакирова Каникей жана парламенттин активдүү 4 окуучусу “Сорос -Кыргызстан” фонду тарабынан уюштурулган семинарга катышып келишти. Белгилеп кетүүчү жагдай,  “Сорос-Кыргызстан” фонду мектеп үчүн техникалык каражаттарды берген. Ал эми   семинардын негизги багыты –телевидиниеде  техникалык жабдыктарды  кантип колдонууну,  ийрим,  басма сөз, тренингдерди,тегерек стол өткөрүү боюнча түшүнүк берүү болду. Окуучулар, эжекелер көптөгөн  кызыктуу маалыматтарды билип келишип,  окуучуларга үйрөтүшүүдө...

Далее

инфографика

инфографика спорт

Далее

Чучук кантип жасалат?

чучук

Кыргыздын  сый тамактарынын бири чучук. Бирок чучук жасаганды  кыздар эмес  байбичелердин көбү билишпейт. Бүгүн биз чучук кантип жасалааарын айтып берели.

1.Пияз менен сарымсакты майдалап туурайсыз.

2. Казыны ичке, узун болуп тууралган этти туздап, ага сарымсак менен пиязды кошуп, бир нече убакыт тыныктырып коесуз. Мындай калыбында бир күн кечке турса эң сонун маринаддалган болот.

3. Жумшарып калган эт менен казыга калемпир, мурч, зире кошосуз...

Далее

«Репрессия» кыргыз интелегенциясына балта чапкан

Адилет Ильяз уулу

1937-жыл кыргыз илтелегенциясы кыйраган жыл, бүтүндөй кыргыз элинин келечегине  балта чабылган мезгил. Кыргыз элинин келечеги  үчүн жан үрөгөн кыраандар «эл душманы» деген жалаа менен «улутчул» деп айыпталып, канчалаган мыкты инсандар атылып кеткен. Кыргызстандын эгемен өлкө болушуна чоң салымын кошкон чыгаан уулдары, эл келечеги үчүн  жан аябаган калк каймактары каргыш баскан репрессиядан оо дүйнөгө мезгилсиз сапар алышкан. Эл -жерди алга сүрөй турган, интелегенттер Сталиндик репрессиянын айынан бул ааламдын асманынан жылт этип өчкөн жылдыздай, канкор бийликтин кан жыттанган мылтыгынан окко учушкан. Алар кыргыз мамлекеттүүлүгү   үчүн өз өмүрүн  тобокелдике салган, кайталангыс инсандар эле...

Далее

Окутуунун жаңы ыкмаларын пайдалануу мезгилдин талабы

Бактыгул

Окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы орто билим берүү  жайларында жаңы «Старттык эксперимент» усулу менен окутуу жайылтылууда.Бул жаңы ыкманын  өзгөчөлүктөрү жөнүндө  кененирээк маалымат алуу максатында  №31 Курманжан Датка орто мектебинин биология мугалими, «Эл агарттуунун мыктысы» Аттокур кызы Бактыгүл эжейди сөзгө тарттык.

– Эжей, ушул «Старттык эксперимент» ыкмасы жөнүндө кененирээк айтып кетсеңиз?

-Бул ыкма Германияда иштелип чыккан  SEA усулу деп аталат. Азыркы учурда өлкөбүздүн  баардык аймактарында бул ыкманы жайылтуу иштери жүрүп жатат. Бул ыкма иштелип чыкканда ар аймактан тандалган мугалимдер  үчүн  атайын окутуу  курстары ачылган. Азыркы учурда өлкөнүн  бардык облус, шаарларында бул ыкма окутулуп,  жакшы жыйынтык көрсөтүүдө.

Далее

Келечекке кызмат кыла турган көпүрө

DSC_0443

DSC_0444-1

Көпүрөнүн проекти

Көпүрөнүн проекти

Ош шаарынын Навои көчөсүндө курулушу башталган  бул  көпүрө келечекте  Ош шаарындагы кооз курулуштардын бири болмокчу. Ош шаардык мэриясынын вице-мэри Рустам Мирзаматовдун билдирүүсүнө караганда  азыркы мезгилде  көпүрөнүн  алдындагы  коммуникациялык түтүкчөлөр алмаштырылууда. Түтүкчөлөр алмаштырылып бүтөөрү менен курулуш иштери башталмакчы. Курулушту тендерде Кытайлык  көпүрө куруу боюнча чоң тажрыйбасы бар   компания  утуп алды. Жаңы көпүрөнүн  курулушу  500 миллион сом менен бүткөрүлмөкчү. Азырынча курулуш жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражат жана  атайын эсепке которулган, шаар тургундарынын колдоосу менен түшкөн каражат менен башталууда. Көпүрөнүн курулушун Ош шаарынын тургундары колдошууда...

Далее