Category Мектептин жашоосу

Айыл жана шаар мектептеринде кандай айырма бар?

Фото75

Мен бүгүн  айыл жана шаардын мектептеринде окуп жатышкан окуучулардын билим деңгээлин салыштырып көрүүнү чечтим. Көп  учурларда  кыштактагы мектептердин билим берүүсү төмөн дешет. Бирок кыштактын мектептеринен эле бүтүп,  дүйнө жүзүнө белгилүү болгон инсандар көп экени белгилүү. Анда мен эмне себептен окуучу  кай жердеги, кайсы мектепте окубасын ал адамдын өзүнүн жөндөмүнөн деген  бүтүмгө келгениме  токтолууну чечтим.  Мен бул макаламды толуктоо үчүн айылдан шаарга билим издеп келген Мамасадык уулу  Нуржигит менен маектештим...

Далее

«Мектеп президентинин милдеттери ар тараптуу…»

                                                                                              IMG_3347_2

Бүгүн биздин мейманыбыз  «Керме-Тоо» мектеп -гимназиясынын  президенти, аталган мектептин 10-б классынын окуучусу Зулкарнайн Атамалиев

-Зулкарнайн айтсаңыз, мектеп президентинин милдети эмне?

-Мектеп президентинин  милдети ар тараптуу. Президент  мектеп окуучуларынын тартибине, жүрүм-турумуна жооп берет. Эртең менен  мектеп окуучусу кечикпей келдиби? Кечиккен окуучуну жазып алып, «Тикенек» деп аталуучу дубал гезитибизге илебиз. Ар бир класска кирип,  ...

Далее

Куттуктоо

                                                                                                koni

Урматтуу «Данек» гезитинин жамааты, агартуу майданында талбай иштеп келе жаткан ага-эжекелер, келечек ээлерибиз болгон наристелер!

Сиздерди кирип келе жаткан Жылкы  жылы менен кызуу куттуктайбыз.  Урматтуу «Данек» гезитинин чыгармачыл жамааты, эч качан калемиңиздер талбасын, келечектин ээлерин жакшылыктарга үндөп, мекенчилдикке тарбиялап, мындан ары да наристелерибиздин жакшы саамалыктарын, жетишкен ийгиликтерин жар сала беришиңиздерге тилектешпиз...

Далее

Ч.Айтматовдун чыгармалары жана залкардын өмүрү жөнүндө көркөм тасмалар

                   1385366967_1338275336_aitmatov-2

Ош шаарындагы “Олимп” мектеп-гимназиясында жакында атактуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун “Кылым  карыткан бир күн” аттуу чыгармасы боюнча көркөм тасма көрсөтүлдү.

Бул көрсөтүүнү н алдында  окуучуларга мугалимдер Ч.Айтматовдун өмүрү жана  чыгармачылыгы  жөнүндө баяндап беришти. Жакында 12- декабрда бүт дүйнө  эли анын 85-жылдыгын белгилешти. Бул көркөм тасманы баарыбыз кызыгып көрдүк, анткени, ал жазуучунун эң атактуу чыгармасы боюнча тартылган. Фильмдин каарманы Эдигейдин турмушунда Ч.Айтматовдун башынан өткөргөн көп  окуялар  чагылдырылган дешти мугалимдерибиз...

Далее

№48 орто мектептеги жанылыктар

IMG_3234

Ош шаарындагы №48 орто мектебинин директору Нускайым Сулайманованын билдирүүсүнө караганда аталган мектепте Ош шаардык билим берүү башкармасынын айлык иш планында көрсөтүлгөн тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарларынын семинары болуп өттү.

Семинар «Кылмыштуулуктун алдын алуу» ,-деген темада өтүп, аталган мектептин 4 классында класстык сааттар өткөрүлдү. Мисалы 7-класста акыл ордо сабагы өтсө, 8-класста «Каргыш албай бата ал», 9-класста «Жашоодо максат кое бил», 4-класста «Менин үч бактым-элим, тилим, Мекеним» деген темада өттү...

Далее

Терешкова биринчи

IMG_3218

                                                                                                 IMG_3219

                                                                                                IMG_3223

                                                                                                    IMG_3224

Ош шаарындагы Таш Мияшев атындагы китепканасында  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата  шаардагы үч мектептин окуучулары катышкан  сынак болуп өттү.  Сынакка  №17 Ю.Гагарин атындагы, №16 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы жана №11 В.Терешкова атындагы мектептердин окуучулары    ат салышты...

Далее

Курманжан Даткада аймактык олимпиада

imagesОш шаарындагы №31 Курманжан Датка  атындагы орто мектебинде  22-декабрь күнү  шаардын Жапалак аймагында  жайгашкан мектептердин окуучулары катышкан  аймактык олимпиада болуп өттү. Олимпиадада шаарыбыздагы №18, №52 жана Алмалык аймагында жайгашкан №25  мектептин алдыңкы окуучулары ат салышты. Олимпиадага эртең мененки жааган карга карабастан өз билимин сыноого койгон окуучулар, аларга  күйөрмандык кылган мугалимдер тынымсыз агылып келип жатышты...

Далее

Жаңы жыл майрамына пиротехниканы кантип тандоо керек?

iskusstvennie_elkiЖаны жыл майрамы салюттарсыз, фейерверктерсиз өтпөйт  эмеспи. Декабрь айынын башталышынан тартып эле базарларда пиротехниканын ар кагдай түрлөрү сатыла баштайт. Бирок, аны сатып алууда жана пайдаланууда коопсуздукту сактабай. жараат алгандар же өрт чыккан учурлар да аз эмес. Ошондуктан, адистердин кеңешин билип алганыбыз оң. Адистер салюттарды, фейерверктерди  сатууга атайын уруксаты бар фирмалардын точка түйүндөрүнөң сатып алууну сунуштайт. Аны алаардан мурун сырткы оролгон кагазынын бүтүндүгүн текшериш керек. Эгерде кагазы айрылып, же ушаланып калса демек анын сакталуу эрежелеринин бузулгандыгынан кабар берет...

Далее

Куттуктоо

                                      Урматтуу  кесиптештер, окуучулар, «Данек» гезитинин окурмандары!

images_2

Сиздерди  алдыда келаткан 2014-Жылкы жылы менен куттуктайм. Жаңы жылыңыздар  үй –бүлөңүздөргө бакты –таалай алып келген, ишиңиздерге ийгилик. кут, береке тартуулаган берекелүү, түшүмдүү, жакшы жыл болсун!

                                                                                              Нускайым Сулайманова

Сиздердин түйшүктүү жана сыймыктуу ишиңиздерге ийгилик каалайм, кесиптештер!...

Далее

Жаңы жыл босогодо, даярдыктар кандай?

                                                                                                0012-012-Vozle-elki-Vozle-elki-v-Novyj-god-Vodim-vodim-khorovod

Жаңы жыл майрамы   башка майрамдардан өзүнүн өзгөчө белгилери менен айырмаланат эмеспи...

Далее

“Мектептин мыктысы” аталды

Ош шаарындагы №11 В.Терешкова атындагы  жатак мектебинде сынак  өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аталды. Сынак 8-9 –класстар арасында өтүп, төрт турдан турган сынакка 8-А класстан Баатыр уулу Мирислан, Таирбекова Мариям, 8-Б класстан Асылбек кызы Дарикан, Дүйшеев Кудаяр, 9-класстан Жалал уулу Нурсултан жана Досуева Сабрина катышышты.

Сынак кызыктуу өттү. I турда логикалык суроолор берилди. II турда дүйнөлүк океандар боюнча  “эң, эң…” деген темада суроолор берилди...

Далее

Балдарды кубанткан куурчак театры

                                                                                         Бекназар-куурчактар 1

Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим борборунун куурчак театры ийриминин окуучулары    Курманжан Датка мектебине барып өз өнөрлөрүн көрсөтүп  келишти. Бул күн  16 мектепке куурчак театрын коюп келүү үчүн   ийримидин долбоорунун башталышы эле. Курманжан Датка мектебинин окуучулары куурчак театрынын окуучулары коюп берген сахналык көрүнүштөрдү  жана атайын ырларды абдан  жакшы кабыл алышты. Алар куурчактардын кыймылын көрүп аябай кубанышты. Концерт улуттук бий жана балдардын атайын ырдаган ырлары менен коштолду. Концерттик программага 1-2-3-4-класстын окуучулары  класс жетечилери менен катышышты...

Далее

Адилет президенттик арча майрамына катышат

 

Ош шаарындагы №48  мектептин 7-классынын мыкты окуучусу  Адылбек уулу Адилет Президенттик арча майрамына  катышып келүүгө даярданууда. Кабарчыбыз Адилет менен маектешти

Далее

Сыйлыгыңыздар кут болсун!

Адина Каримова

Адина Каримова

Нурилло Абдурашид уулу

Нурилло Абдурашид уулу

Ош шаарында өткөн мектеп окуучуларынын Ч.Айтматовдун  чыгармаларына арналган «Ааламдын Айтматову» дил баяндар сынагында  «Данек» гезитинин кабарчылары, №31 Курманжан Датка атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Адина Каримова,  №23 И.В.Панфилов атындагы гимназия мектебинин 10-классынын окуучусу Нурилло Абдурашид  уулу жеңишке жетишишип,  Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Ардак  Грамотасы жана баалуу белектер менен сыйланышты...

Далее

Жаңы жыл балдардын калеминде

Фото баян                                              Копия IMG_3205

Копия IMG_3197

IMG_3190

Копия IMG_3193

Копия IMG_3195

Копия IMG_3201

Копия IMG_3204

Ош шаарындагы  Гапар Айтиев атындагы  балдардын көркөм сүрөт мектебинде  21-декабрь күнү 2-класстын окуучуларынын  көргөзмөсү өтмөкчү. Көргөзмөгө аталган  мектептин 2-классынын окуучулары кызуу даярдык көрүшүүдө. Төмөндө 2-класстын окуучуларынын көргөзмөгө даярдалып жаткан эмгектери,балдар  негизинен жаңы жылды, кышты  чагылдырышкан

                                                               Амирбек Абдирасулов...

Далее

Баткен жаңылыктары

Кызыл-Кыя шаарынын мыкты окуучулары олимпиадада жеңишке жетишишти

Баткен облусунун Кызыл-Кыя  шаардык билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Клара Каримованын билдирүүсүнө караганда Кызыл –Кыя шаарында    12  предмет боюнча мектеп окуучуларынын шаардык олимпиадасы  болуп өттү.  Олимпиадага 700 гө жакын мектеп окуучулары катышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча 99 упайга татыктуу болуп,  №1 мектептин командасы биринчи орунду жеңип алды. Экинчи орунга  60 упайды ээлеп,  №2 мектептин окуучулары  жетишишти...

Далее

Мектебибиз таза-көңүлүбүз куунак

IMG_3117_2

IMG_3122_2

                                                      Сүрөттө 5-6-класстын окуучулары

Ош шаарындагы  бардык мектептерде  мектептин айланасын тазалоо, мектепти таза кармоо  салтка айланууда. Биз сөз кыла турган №7 Н.Нариманов атындагы гимназия мектебинде да окуучулар өздөрү билим алган мектебинин айланасын тынбай тазалап турушат. –Анын эмнеси бар экен, биз үйүбүздү деле жыйнап, тазалап турабыз да, мектеп биздин экинчи үйүбүз, андыктан мектепти тазалагандан намыстанбашыбыз керек. Биринчиден мектебибиз таза болсо көңүлүбүз куунак болот, экинчиден мектеп окуучулары  эмгекке үйрөнөбүз, үчүнчүдөн  балдар,кыздар ойногончо эле шыпырып, тазалап коебуз,-деди окуучулардын бирөө...

Далее

Ю.Гагарин атындагы мектебинде

                                                                                               IMG_1835

Ош шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы окуу -тарбиялоо мектеп комплекс гимназиясында кирип келе жаткан жаңы 2014- жылга  мыкты даярдыктар көрүлүп жатат. Себеби мектеп директору Жунусова Айгүл   жаңы жылга даярдык көрүүнү 11-“А” класска, мектептин эң жогорку гимназия классына тапшырган. Азыр 11-“А” класста эң мыкты даярдыктар көрүлүүдө. Класстын окуучулары жаңы жылдык кеченин сценарийин башынан  акырына чейин өздөрү түзүп чыгышкан. Майрамдык кечеде жомок жана балдардын сүймөнчүктүү  мультфильмдеринин каармандары катышышат...

Далее

Чыңгыз Айтматовго арналган майрамдык кече

                                                                                          IMG_1835

11-декабрда №52- “Кыргыз -түрк достугу таланттуу балдар мектебинде” Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына   арналган адабий көргөзмө музыкалык кече болуп өттү. Кечеге шаардагы белгилүү мектептердин окуучулары жана мугалимдери катышты. Адабий кечеде көп мектептердин окуучулары тарабынан тартылган сүрөттөр  көргөзмөгө  коюлду. Адабий кечеде ар бир мектептин Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын катыштырып дилбаян жазган окуучуларына дипломдор жана баалуу белектер тапшырылды. Адабий кечеге  Ош шаардык билим берүү башкармасынын жооптуу кызматкери  Гүлмира Осекова катышты...

Далее

Жакшы болуш аста-аста…

                                                                                             IMG_1805

 Чаткал  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  жана  Чаткал  райондук ички иштер башкармалыгынын демилгеси  менен «Мекеним  менин-Кыргызстан!»  аталыштагы  чоң  профилактикалык  иш-чаралардын  алкагында  2013-жылдын  13-декабрында Чаткал  районунун  Каныш-Кыя  айылындагы  С.Байдөөлөтов­­  атындагы  орто  мектебинде жаштар  арасында  укук  тартибин  сактоо, кылмыштуулуктун  алдын  алуу,  кылмыштар...

Далее